Президент: «Мен врачтар менен барып сүйлөшкөндөн уялам, ишенесиңерби?»

Президент Сооронбай Жээнбеков 17-сентябрда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында санариптешүүгө толук өтмөйүнчө айлык-акыларды көтөрүү кыйын экенин айтты. Анын ичинде медиктердин маянасын дагы бар

Ал ошондой эле, көптөгөн мамлекеттик мекемелерди «Түндүк» электрондук системасына артынан кууп жүрүп, зордоп, сөгүш берип жатып киргизишкенин белгиледи. Мамлекет башчысы өз сөзүндө аталган системага Салык кызматы менен Бажы кызматы дагы «ур-токмок» менен киргенин айтты.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков санариптештирүү бардык тармакта болорун, анын ичинде бардык мамлекеттик мекемелер «Түндүк» электрондук системасына бириктирилип, элге кызмат көрсөтүү жакшырарын айтып ишендирген.

«Муну кылбасак [санариптештирүү] кантип дарыгерлердин айлыгын көтөрөбүз? Мен врачтар менен барып сүйлөшкөндөн уялам, ишенесиңерби? Айласыздан барып, “чыдап тургула, көтөрөбүз” деп жатам. Эми көтөрүш керек да врачтардын айлыгын. Барсаң күлүп, кол чаап тосуп алышат. Сүйлөшкөндөн уяласың, тартынасың, бетим чыдабайт», — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле, тез аранын ичинде бажы, салык, мамлекеттик кызмат көрсөтүү, тоо-кен жана мамлекеттик мүлк фонду өңдүү акча түшө турчу тармактардын бардыгы санариптешип бүтүшү керектигин кошумчалады. Бул тармактардагы коррупция токтомоюнча айлык-акыларды көтөрүү ишке ашпарын белгиледи.

Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында мен сага тийбейм, сен мага тийбе деген мамиледен улам мамлекеттик кызматтарда иштеген коррупционерлер кармалбай жатканын айткан.

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстандагы дарыгерлердин абалы менен шарттары коомдо кайрадан көтөрүлдү. Себеби, оору менен биринчилерден бетме-бет келген дал ушул медиктер болду. Буга чейин эле алардын айлыгы аз экени жана иштөө шарттарынын начардыгынан тажрыйбалуу адистер чет жакка кетип жатканы айтылып келген.

Өкмөт COVID-19 илдетинин алдын алууда иштеген медиктерге кошумча акча төлөнүп берилерин билдирген. Жумуш учурунда оору жуктуруп алгандарга 200 миң сомдон төлөнмөк, ал эми коронавирустан каза болгон медиктин үй-бүлөсүнө 1 млн сом кун берилет. Бул каражатты төлөп берердин алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы атайын комиссия ар бир учурда кылдаттык менен карап чыгышат.

Коронавирустун биринчи толкунунда кызмат кылган медиктер кезек-кезеги менен Ысык-Көлгө эс алууга жиберилүүдө. Бирок ал жакка Баткенден барган дарыгерлер эс алуу шарттарынын начардыгына даттанышкан.