Жээнбеков: «Мен сага тийбейм, сен мага тийбейсиң» деп бири-бириңди коргоп жатасыңар

Коопсуздук кеңешинин 17-сентябрдагы жыйыны

Президент Сооронбай Жээнбеков 17-сентябрда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупция менен күрөшүү токтоп калбаганын айтты. Ал ээлеген кызмат ордуна, сиңирген эмгегине карабастан, коррупциялык иштерге аралашкандар болсо эч нерсеге карабастан жоопкерчиликке тартыларын билдирди.

Жээнбеков ошондой эле, эл мамлекеттик органдар «мен сага тийбейм, сен мага тийбейсиң» деп унчугушпай, бири-бирин коргоп жатканын айтты. Мунун кесепетинен мамлекеттик кызматта отурган коррупционерлер кармалбай жатканын белгиледи.

«Айрыкча органдын ичиндеги коррупция тазаланбай жатат. “Прокурор, милиция, УКМК, финполиция кызматкери менден пара талап кылып жатат, кордук көрсөтүп иштетпей жатат” деп жаран кайрылгандан кийин анан кармап жатпайсыңарбы, өзүңөр кармаган бир дагы факты жок», — деп укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө ачууланды.

Ошондой эле, сот, милиция, прокуратурага айлыгы аз деген жүйөө менен коррупция менен жакшы күрөшпөй жатканын айтты.

«Эмнеге коррупция менен күрөшпөй жатасыңар десе айлыгы аз дейт. Айлыгы аз болсо кеткиле да, башка жетекчилер иштейт», — деди Жээнбеков.

Президент буга чейин дагы коррупция менен күрөшүү анын алдына койгон иштеринин маанилүү бөлүгү экенин бир нече жолу айткан. Өзгөчө бажы тармагындагы 20-30 жылдан бери калыптанып калган коррупциялык схемалар бар экенин билдирген. Андан сырткары «бажыдагы коррупционерлер биринен бири ашарын», бирок Райымбек Матраимовду «коррупциянын симоволу» кылып коюшканын белгилеген болчу.

Президент андан сырткары Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышып жаткандарга кайрылып, алар катардагы жаран эместигин, алардын чечиминен мамлекеттин, элдин тагдыры көз каранды экенине токтолду.

«Силер катардагы жаран эмессиңер. Мамлекеттин тагдырына, элибиздин тагдырына, мамлекеттин келечегине чечим кабыл ала турган адамдар отурасыңар, мына мен баш болуп отурам. Мен баш болуп таза болуп, мамлекеттин бийлик бутактарында тургандар таза болуп, качан гана өзүбүз таза болсок кол алдыбызда иштеген адамдардын алдында жүзүбүз жарык болот, коррупция менен күрөшүү өз натыйжасын берет», — деди ал.

«Коррупция менен күрөшүү иммитациядан да начар»

Буга чейин экс-депутат Бактыбек Калмаматов бийлик бутактарынын баары бир колго чогулуп калгандыктан коррупцияга каршы күрөштө натыйжа болбой турганын айткан. Андан сырткары азыр бийликте отургандар коррупцияга каршы күрөшкө кызыкдар эместигин, анткени алар «менин эртеңки тагдырым кандай болот?» деген маселе менен көп алпурушуп жатканын билдирген.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган Өмүрбек Суваналиев Сооронбай Жээнбеков Матраимовдордун туткунунда калганын айткан болчу.

Бир тууган Матраимовдордун аты коррупция, аткезчилик боюнча даярдалган бир нече журналисттик иликтөөдө аталган. Өткөн жылдын ноябрь айында миңдеген адам «Ак үйдүн» алдына коррупцияга каршы митингге чыккан. Чогулгандардын негизги талабы мурдагы бажычы, иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек Матраимовду камоо жана реалдуу реформаларды өткөрүү болгон.