Башкы прокуратура: Сурабалдиева Курсан Асановдун иши боюнча күбө катары чакырылган

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева ИИМдин жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча күбө катары чакырылганын билдирди. Ага мындай билдирүү 17-сентябрда берилген.

Буга чейин депутат Сурабалдиева аскер прокуратурасына суракка чакырылганын билдирген. Эл өкүлү аны эмнеге, кайсы иш боюнча чакырып жатышканын тактабаганын айткан.

Бирок Башкы прокуратура Элвира Сурабалдиева аны аскер прокуратурасына чакырылганын калп деп сыпаттап, ага кайсы иш боюнча чакырылып жатканы кабарланганын маалымдады.

Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун кылмыш иши каралып жатат.

«Иште күбө катары өтүп жаткандар чакыртылып жатканы боюнча сот тарабынан түшүндүрүү иштери болот. Алардын бардыгы бир гана Курсан Асановдун иши боюнча күбө катары чакыртылды. Сот процессинин өтө турчу жери жана убактысы көрсөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, Сурабалдиева Асановдун иши боюнча буга чейин 2020-жылы 15-январда чакыртылган. Ошондой эле, прокуратурадан Сурабалдиеванын сот жыйынына чакыртылышы анын саясий ишмердигине эч кандай байланышкан эмес деп ишендиришти.

Курсан Асанов 4-октябрда боло турчу парламенттик шайлоо «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен катышууда.

Курсан Асановдун иши

Курсан Асанов ИИМден «кыргыз милициясынын кызыкчылыгын саткандыгы» жана кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн 13-августта бошотушкан. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуудагы Кой-Ташта болгон окуя себеп болгон.

Аскер прокуратурасынын версиясы боюнча, Асанов штурм учурунда Атамбаевдин үйүнөн чыгарылган буюм далилдерди мурдагы президенттин тарапкерлери менен өз баласына өткөрүп берген.

Асановдун уулу сыртынан чыгарылган камакка алуу түрүндөн чыгарылган баш коргоо чарасы менен издөөгө алынган. Аскер прокуратурасынын маалыматына ылайык, учурда ал Өзбекстанда. Ал эми Курсан Асанов өзүнө каршы тагылып жаткан айыпка «кызматтык милдетимди аткаргам жана жеке кызыкчылыктарымды мамлекеттикинен жогору койгон эмесмин» деп жооп берген. 2019-жылдын 27-августунда үй камагына алынган.