Массалык мушташ. Араван РИИБинин башчысы Сактан Исмаилов кызматтан алынды

Социалдык тармактан алынган видеодон скрин

21-сентябрда Ош облусунун Араван районунун ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Сактан Исмаилов аталган райондогу коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчилиги үчүн кызматтан алынды. Ошондой эле бир нече кызматкерлер да кызматтык жазага тартылышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигини басма сөз кызматы билдирди.

«Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө чагымчыл кылгандарга, атайлап мушташ чыгарган жарандарга жана коомдук тартипти бузгандарга ИИМ мыйзам чегинде чараларды көрөт жана коомдук тартип бузууга жол бербейт», — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле, саясий партиялар шайлоого байланышкан бардык иш-чараларды, тургундар менен жолугушуунун жадыбалын коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдарына билдирип туруусу керек деп айтылат.

Араванда орун алган жаңжал

Мындан бир күн мурун Араван районундагы Юсупов айыл өкмөтүндө «Мекеним Кырызстан» партиясынын талапкери, парламенттин депутаты Ильхом Маннановдун катышуусунда агитациялык жолугушуу учурунда уруш чыккан.

Социалдык тармактарда тараган видеодон мушташка ондогон киши катышканын көрүүгө болот. Аялдар кыйкырып, чырды токтотууга аракет кылган. Натыйжада райондук ооруканага 11 киши кайрылган, ал эми Ош шаардык ооруканасына бир киши денесине түрдүү жаракат менен жеткирилген. Алардын ичинен бир кишинин абалы оор деп бааланууда. Мындан сырткары 5 автоунаа талкаланган.

Ош ОИИБи жаңжал үгүт иш-чарасын өткөрүп жаткан талапкердин башка партиянын талапкерин «жамандап койгону» себеп болгонун белгилеген. Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясы фейсбук баракчасында белгисиз чагымчыл топ тарабынан агитациялык жолугушуу үзгүлтүккө учурап, алар иш-чаранын катышуучуларын сабап киришти деп айтылат. Мындан улам партиянын бир нече тарапташы жабыркап, алардын бири Ош облустар аралык ооруканада оор абалда экенин маалымдашкан.

Маннанов КСДП партиясынан 2015-жылы парламентке депутат болуп шайланып келген. Учурда «Мекеним Кыргызстандын» тизмесинде №33 орунда катталган. «Кактус» басылмасы чырда депутат жабыркаган жок деп билдиришти. Милициядан Маннанов жолугушуу өткөрөөрү тууралуу аларга кабарлаган эмес дешти.

Юсупов айыл өкмөт башчысы Шукирилло Файзуллаев «Биримдик» партиясы менен парламенттик шайлоого катышууда. Ал тизмеде №74 орунда. Азырынча милиция жана партиялар уруш Маннанов менен Файзуллаевдин тарапташтарынын ортосунда чыгып-чыкпаганын тастыктай элек.

Бирок Аравандагы окуяга «Биримдик» партиясынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев да фейсбукта пост жарыялаган. Анда чагымчылдыкка күнөөлүү болгондор жазаланышы керектиги айтылат. Мындан тышкары партиядагылар укук коргоо органдары кыска убакыттын ичинде иликтөө жүргүзүп, чагымчылдарды аныктайт деп үмүттөнүшөт.

Анткен менен «Биримдик» партиялардын өкүлдөрү чагымчылдык билдирүүлөрдү жасабашы керектиги да белгиленген.

Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов ИИМге аталган жаңжалды тез арада иликтөөнү тапшырды.

Аталган окуя боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бейбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Учурда тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Тема боюнча:

«Мекеним Кыргызстан» партиясы агитациялык жолугушуудагы уруш чагымчылдар тарабынан жасалганын билдирди