Жалал-Абаддагы Падыша-Ата коругунун имараты өрттөнүп кетти

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Жалал-Абад облусундагы Аксы районундагы Падыша-Ата коругунун имараты 21-сентябрда таңга маал өрттөнүп кетти. Тилсиз жоодон жабыркагандар болгон жок.

«Өрттүн кесепетинен имарат жана анын ичиндеги буюмдар [компьютерлер жана көчүрмө аппарат] толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептерин экотехинспекция менен биргеликте аныктап жатабыз», — деп билдиришти «Клоопко» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аксы районундагы бөлүмүнөн.

Буга чейин 22- январда Жогорку сот Падыша-Ата коругундагы талашка түшкөн төрт гектар жерди мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү чечимин чыгараган. Аталган жерди Кашка-Суу айылынын тургундары менен «Арстанбап» ЖЧКсынын директору Эркин Бегимкулов 2008-жылдан бери талашып келишкен.

Падыша-Ата коругу

Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу 2003-жылдын 3-июлунда негизделген. Коруктун жери ага чейин токой чарбасына караштуу болгон. Корукка караштуу төрт гектардан ашык жерди Кашка-Суу айыл өкмөтүнөн «Арстанбап» ЖЧКсынын директору Эркин Бегимкулов 1997-жылы келишимдик негизде 99 жылга ижарага алган. Кийинчерээк, 2002-жылы ал келишим кайрадан каралып, 45 жылга өзгөртүлгөн.

Падыша-Атада тарыхый күмбөз, 9-10-кылымга таандык имараттар жана ташка чегирилген сүрөттөр бар. Корук 2003-жылы арча токойлору менен Кыргызстандын Кызыл китебине, 2016-жылы корук ЮНЕСКОнун материалдык эмес байлыктар тизмесине кирген.

Коруктун жалпы аянты 30 миң 556 гектарды түзөт. Өзгөчө корголуучу аймагы — 16 миң гектар, корголуучу аймак — 14 миң 545 гектар аянтты ээлейт.