Ноокат: «Биримдиктин» баннери электр чубалгыларына тийип тоскоолдук жаратууда

Фейсбук колдонуучусу Жоодар Шүкүралиев 24-сентябрда өзүнүн баракчасына видео жүктөдү. Анда электр чубалгыларынын жанына илинген «Биримдик» партиясынын баннери чубалгылардын кагылышуусун жаратып жатканы айтылган.

Биримдик баннериңер күйүп кете элегинде алып койгула))Ноокат району, Күңгөй Кожоке айылы, Н.Исанов а/ө

Posted by Жоодар Шүкүралиев on Wednesday, September 23, 2020

Ошондой эле тасмада баннер илинген жерден өтүп бараткан унаа электр чубалгыларынан чыккан оттордон улам артка кайтып кеткенин көрүүгө болот.

«Муну кечээ түнкү саат 11-12лерде илип кетишкен. Тааныбайбыз кимдер экенин. Ушул шамалдан улам үстүндөгү токко тийип, “замыкание” болуп жатат да. Ким илсе да ушуну алып коюңуздарчы сураныч!» — деген видеонун автору.

Баннер Ноокат районундагы Насирдин Исанов айыл өкмөтүнүн Күңгөй-Кожоке айылына илингени айтылат. «Биримдиктен» бул маселе тууралуу байланышууга мүмкүн болгон жок.

«Биримдиктин» талкууга түшкөн баннерлери

Үгүт иш-чаралары башталгандан бери бул партиянын көпчүлүк баннерлери соцтармактарда кызуу талкуу жаратып келет.

Мисалы буга чейин 8-сентябрда соцтармактарда Ош шаарындагы Пушкин мектебинин дарбазасында «Биримдик» партиясынын баннери илинип турган сүрөтү тараган — аталган мектеп Кара-Суу районунун аймагындагы №5247 шайлоо участогу экени маалым болгон.

Сүрөт, видеону жүктөгөн «Реформа» партиясынын талапкери Мирбек Маматкасымов мамлекеттик объектилерге баннер жайгаштыруу мүмкүн эмес экенин айткан. Ал эми анын постуна БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова бул мыйзам бузуу экенин айтып комментарий калтырып, Маматкасымовго комиссияга арыз жиберүүнү сунуштаган.

Кийинчерээк баннер алынып, аталган партиянын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев баннерди ким илгени аныкталаарын убадалаган. Ал эми БШКнын үгүт иштери боюнча жумушчу тобу «Биримдик» партиясына №5247 шайлоо участогуна анын баннери илингени үчүн эскертме берген.

Андан соң 23-сентябрда кайрадан соцтармактарда аталган партия баннерин тосуп калгандыгы үчүн жаш даракты кыйып салганы айтылган видео тараган. Окуя Бишкек шаарында болгону айтылган.

Ал эми 24-сентябрда дагы бир тасма тарап — анда «Биримдиктин» үгүт материалдарынын дарактарга чапталганын көрүүгө болгон. Видеонун автору партия аша чаап кеткенин айткан. Мыйзам боюнча үгүт материалдарын жайгаштырууда өсүмдүктөрдү жана бак-дарактарды пайдаланууга жол берилбейт.

«Биримдик» коомчулукта «бийликчил» партия деп аталып келет. Президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков бул партия менен шайлоого аттанган. Ошондой эле, аталган партиянын катарында учурдагы бир нече депутаттар бар.