Коррупция жана кирешелердин изин жашыруу. Атамбаевге козголгон төрт кылмыш иши тергелип бүттү

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш кылууга шектөө тууралуу төрт кабарлама тапшырылды. Алардын үчөөсү — коррупцияга айыптоолор, дагы бирөөсү — кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу.

Кой-Таштагы үй

Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарёв айтып бергендей, биринчи кабарлама Кой-Таш айылындагы жер участогун сатып алуудагы жана андан ары пайдалануудагы коррупцияга тиешелүү. Тергөөнүн версиясы боюнча, мурдагы президент аны Албек Ибраимовдун жубайынан сатып алган жана андан кийин Ибраимов Бишкектин мэри болгон.

Атамбаев Кой-Таш айылындагы участогун мыйзамсыз алган деп айыпталууда. Ал үйүн бул жер тилкесинде президент болуп турганда курган. Тергөөнүн версиясы боюнча, 2011-жылы Атамбаев премьер-министр болуп турганда Чүй облусундагы 35 гектар жерди мыйзамсыз трансформация кылып, ал жакта коттеждик шаарча курган. Бул жерлер айыл чарба макамынан «калктуу конуш жерлери» категориясына өткөрүлгөн. Атамбаевдин бул участокту мыйзамсыз алганы тууралуу биринчилерден болуп 2016-жылы Өмүрбек Текебаев айткан. Ал кезде президент Атамбаев менен Текебаев тирешип турган.

Тема боюнча: Атамбаевдин Кой-Таштагы жери жана үйү. Документтерден эмнелер белгилүү?

ЖЭБди жаңыртуу

Коррупцияга экинчи айыптоо ЖЭБди модернизациялоо тууралуу ишке байланыштуу. Атамбаев аны реконструкциялоо үчүн жалданма компанияны жалгыз тандаган деп айыпталууда. ЖЭБди модернизациялоо иштерин Кытайдын TBEA компаниясы жүргүзгөн.

Бишкек ЖЭБин жаңыртуу тууралуу кылмыш иши 2018-жылдын 26-январында ЖЭБде авария болгондон кийин козголгон. Анын айынан шаардыктар ызгаардуу суукта бир нече күн бою жылуулуксуз калышкан. Авария болгонго чейин ЖЭБ 386 млн долларга модернизацияланган.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков авария ЖЭБдин жаңыртылган бөлүгүндө эмес, эски корпустарында болгонун айтып көшөргөн. Депутаттар модернизациянын баасы кымбаттатылган деген бүтүм чыгарган.

Иш боюнча өтүп аткан аткаминерлер күнөөлөрүн моюндашкан эмес. Исаков жана экс-президент Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбеков каршылаштарына басым кылып жатканын айтып, айыптоону «негизсиз» деп эсептешет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитет буга чейин билдиргендей, Атамбаевдин Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупцияга тиешелүүлүгү боюнча иштер айыпталып жаткан башка аткаминерлер фигурант болгон иштен өзүнчө иликтенет. Бул иш боюнча Сапар Исаков мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратылган.

Жер кенин иштетүүгө лицензия берүү

Коррупция боюнча үчүнчү айыптоо Терек-Сай кенин иштетүү үчүн лиценция берүүгө байланыштуу. Мурдагы өлкө башчысы менен бирге иш боюнча Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин экс-директору Дүйшөнбек Зилалиев жана ведомствонун статс-катчысы Шерикул Султанов айыпталууда.

«Тергөөнүн версиясы боюнча, уруксат берген документти Субихи Пархати деген бир бизнесмен алган. Ушул эле ишке “Апрель” фонду жана “Апрель ТВ” телеканалы дагы аралашкан. Кой-Таштагы участок, ЖЭБди жаңыртуу, лицензия берүү жана “Форумду” сатуу деген төрт пункт боюнча тергөө аяктап, айыпто актылары түзүлүп, материалдар борбор калаанын Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн. Териштирүүнүн күнү азырынча дайындала эле», — деп түшүндүрүп берди Сергей Слесарёв.

Кирешелердин изин жашыруу

Төртүнчү айып — кылмыштуу кирешелерди (изин жашыруу) адалдаштыруу. Тергөөнүн версиясына ылайык, Алмазбек Атамбаев 2017-жылы Субихи Пархатиден «Форум» компаниясын саткандыгы үчүн 54 млн сом алган.

2017-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн декларациясында Субихи Пархатиден 54 млн сом киреше түшкөнүн көрсөткөн.

Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин депутат Канатбек Исаев Пархати «Форум» имаратын Атамбаевден сатып алганын билдирген. Ошондой эле депутат Атамбаев Пархати аркылуу «Хуасинь», «Терексай Жаштары», «Бизниснур», «АКА Петролеум» жана «АКА Инвест» компанияларына ээлик кылган деп божомолдогон.

Исаев парламентте сүйлөп чыккандан кийин дароо эле комиссия түзүлүп, ал Атамбаевге карата бир нече айып таккан. Бул айыптардын бир бөлүгүн, анын ичинде Пархати боюнча кейсти, Башкы прокуратура колдоп, бул Атамбаевди экс-президенттик макамдан жана кол тийбестиктен ажыратууга себеп болгон.

«Ака Петролеум» жана «АКА Инвест» компаниялары «Азаттыктын» Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөөсүндө аты аталган. Журналисттер бул компанияларды Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланыштырышкан. Бул компаниялардын бири Huawei менен бирге «Акылдуу шаарды» ишке ашырмак, бирок кийинчерээк келишим жокко чыгарылган.

Субихи Пархати 2019-жылы октябрда кармалып, эч жакка кетпөө тил каты менен коё берилген.

Жалпысынан Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө алты иш бар, алар боюнча Алмазбек Атамбаев айыпталуучу катары өтүүдө. Экөөсү боюнча — кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жана өткөн жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы — бул иштер боюнча сот процесстери жүрүп жатат.

Батукаевдин иши

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айыпталуучу болуп өтүп аткан дагы бир резонанстуу иш — Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу.

Кыргызстандын бийлиги тергөөнү 2019-жылдын жаз мезгилинде жанданткан. Кримтөбөл 2013-жылы лейкоз дартына чалдыкты деген маалымкаттын негизинде бошотулган. Кийин медициналык документтин жасалма экени аныкталган.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президент макамынан, кол тийбейстиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга өбөлгө болгон.

ИИМ Атамбаевди Батукаевдин эркиндикке чыгарылганына байланыштуу иш боюнча үч жолу суракка чакырган, бирок ал үчөөндө тең баруудан баш тарткан. Андыктан август айынын башында күч түзүмдөрү Атамбаев кармаган. Алар мурдагы президенттин Кой-Таштагы резиденциясын эки күн штурмга алышкан. Атайын операция учурунда спецназдын бир жоокери каза болгон.

Атамбаев Батукаевди бошотуудагы коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн кофискациялоо менен 11 жылга соттолгон. Учурда ТИЗО-1де болуп, Кой-Таштагы штурмга байланыштуу айыптоолор боюнча өкүмүн күтүүдө.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна шектелген башка кишилерге айыппул салынган.