Ош облусунда COVID-19 жуктурган бир бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 28-сентябрда Ош облусунда коронавирустан бир бейтап көз жумганын кабарлады.

Жалпысынан Кыргызстанда илдеттен 1 064 киши каза болду — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

ССМдин 25-сентябрдагы маалыматына ылайык, илдеттен 83 медкызматкер көз жумган.

Кыргызстанда 30-июль пандемия маалында көз жумгандардын элесине арналып Улуттук аза күтүү күнү болуп белгиленген.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 46 355 учуру катталды. Ооругандардын 42 619у илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.