Коронавирус дагы 167 кишиден аныкталып, 142 киши сакайды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 29-сентябрда коронавирустун жаңы 167 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Баткен облусу — 55;

Ош облусу — 38;

Жалал-Абад облусу — 31;

Чүй облусу — 15;

Ысык-Көл облусу — 11;

Бишкек — 9;

Ош шаары — 5;

Нарын облусу — 2;

Талас облусу — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 46 522ге жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 18 006. Ал эми Чүй облусунда — 5 563, Ош облусунда — 4 568, Жалал-Абадда — 4 636, Ысык-Көлдө — 3 999, Ош шаарында — 3 503, Баткенде — 3 011, Нарын облусунда — 1 754 жана Талас облусунда — 1 482 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 142 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 26, Жалал-Абад облусунан — 17, Ош облусунан — 26, Ош шаарынан — 19, Баткен облусунан — 20, Чүй облусунан — 7, Талас облусунан — 10, Нарын облусунан — 3 жана Ыссык-Көл облусунан — 14 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 42 761 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 761 бейтап, ал эми үй шартында 1484 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 064 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында эмгектенген эки медкызматкерден коронавирус аныкталды. Ал эми бир суткада жети медик айыкты жана тогуз медик үй шартында дарыланып сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 243кө жетти, анын ичинен 2 992 медкызматкер илдеттен айыкты.