«Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев КТРКдагы лидерлер дебатына келген жок

«Кыргызстан» саясий партиясын парламенттик шайлоодо баштап бараткан Канат Исаевдин ордуна КТРКнын лидерлер дебатына аталган партия менен шайлоого бараткан Асел Атабекова келди. Атабекова партиянын тизмесинде №28 орунда.

Атабекова телекөрүүчүлөр менен саламдашып жатып, ар бир лидердин артында аял турарын айтты. Анткен менен ал лидер аялдардын атынан катышып жатканын белгиледи.

Ал буга чейин шайлоого аттанган аялдардын теледебатында «Кыргызстан» партиясынын атынан катышкан. Ошондой эле ЭлТР телеканалында өткөн дебатта да партиянын намысын коргогон.

Жума башынан бери КТРКнын түз эфиринде шайлоого аттанан партиялардын лидерлеринин теледебаттары башталган. Буга чейин «Мекеним Кыргызстандан» Мирлан Бакиров, «Ата Мекенден» Жанар Акаев, «Ордо» партиясынан Мирбек Мияров жана «Реформадан» Клара Сооронкулова келген болчу. Булардын бардыгы партиянын лидерлери. Бул дебатта «Социал-демократтардан» талапкер Темирлан Султанбеков катышып, лидер Сейит Атамбаев келген эмес.

«Кыргызстан» партиясы 2010-жылы түзүлгөн. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо ал үчүнчү орунду ээлеп, 120 орундун ичинен 18ин алган. Жогорку Кеңешке «Кыргызстан» партиясынын мандаты боюнча келген Дастан Жумабеков учурда парламенттин спикери.

2016-жылы партиянын лидери Канатбек Исаев ошол убакта президент болуп турган Алмазбек Атамбаев менен араздашып кеткен. Исаев президенттин аппараты сунуштаган Конституцияга түзөтүүлөргө каршы чыккан. Ал ошол жаңжалдын шартында парламенттеги «Кыргызстан» фракциясын жетектебей калган.

Кийинчерээк, шайлоо өнөктүгү учурунда Канатбек Исаев учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун атаандашы Өмүрбек Бабановду колдогон. Ошол учурда Исаевге карата эки кылмыш иши козголгон. Исаевге карата бир кылмыш ишти Жогорку сот кылмыш курамы жоктугу үчүн жаап, экинчисин токтотуп койгон.