Келерки жылы бюджеттин айрым чыгымдары кыскарат. Бирок эгемендиктин 30 жылдыгы белгиленет

Өкмөттүн отурумунда Кыргызстандын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолдору тууралуу мыйзам долбоору каралды. Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов божомолго караганда бюджеттин тартыштыгы 7 млрд сомду түзөрүн билдирди. Ошондуктан, мамлекеттик бюджеттин пландалган бардык чыгымдарды артыкчылык деңгээлине жараша бөлүш керек.

Министрликтер жана ведомстволордун баары жакынкы айларда 2021-жылга болгон зарыл чыгымдардын тизмесин Каржы министрлигине жөнөтүшү керек. Алардын бир бөлүгү кыскартылат, бирок бул бюджеттин коргоого алынган беренелерине тиешелүү болбойт.

«Бардык кыйынчылыктарга карабастан, Кыргыз Республикасынын өкмөтү өзүнө алынган бардык социалдык милдеттенмелерди аткаруусун улантат», — деп ишендирди өкмөт башчысы.

Боронов 2021-жылы өлкө тышкы карызды төлөөнүн эң жогорку чегине жакындап баратканын эске салды. Ал аны реструктуризациялоонун үстүнөн иш алып барууну улантууда. Кытайга болгон тышкы карыз өлкөнүн жалпы мамлекеттик карызынын 43,2%ын (4,7 млрд долларды) түзөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана ТИМдин башчысы Чыңгыз Айдарбеков 2020-жылы Си Цзиньпинге коронавирус пандемиясынын айынан карызды төлөө боюнча убакытты жылдыра турууну суранып кайрылышкан. Акыркы жолу бул өтүнүч Кытай ТИМинин башчысы Ван Инин жакында эле Бишкекке болгон сапары учурунда айтылган.

Ошол эле учурда Кыргызстан 2021-жылы эгемендиктин 30 жылдыгын «жогорку деңгээлде» белгилөөнү пландап жатат. Майрамга даярдануу тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Атайын түзүлгөн комиссия 1-декабрга чейин майрамдык иш-чаралардын жана салтанаттардын тизмесин, ошондой эле аларды өткөрүүгө кетчү чыгымдардын сметасын бериши керек.