«313 миң сом». Кара-Сууда партиялардын биринин өкүлү добуш сатып алууга шектелип жатат

Макала жаңыртылды.

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл аймагында партиялардын биринин үгүтчүсү добуш сатып алууга шектелүүдө. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Милиция кызматкерлери 1-октябрда Нариман айылынын 56 жаштагы тургунунун үйүнөн беш конверт табышкан, анын ичинде 313 миң сом болгон. Табылган конверттердин бетинде акчалар кимдерге бериле турганы жазылган. Ал өз көрсөтмөсүндө акчаларды ага партиялардын биринин ишенимдүү адамы таштап кеткенин айткан.

«25-сентябрда саат 19:30 чамасында "Мекеним Кыргызстан" партиясынын ишенимдүү адамы Нариман айылынын тургунуна беш кагаз кутучасында акча каражатын берип, “үйүңдө туруп турсун, мен келип бирге таркатабыз” деп таштап кеткендиги белгилүү болгон [...] Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жазык иши боюнча тиешелүү тергөө амалдары аткарылууда», — деп билдирди Аширбаев.

Мындан сырткары социалдык тармактарда окуяга байланышы бар делген тасма тараган. Анда болжолдуу милиция кызматкери конверттеги акчаларды санап жатканын көрүүгө болот.

Добуш сатып алуу аракетин милиция токтотуп калды. Акча "улук агитатордон" табылып, майда "агитаторлорго" тийгени...

Posted by Mirbek Mamatkasym on Thursday, October 1, 2020

Ош ОИИБи алгачкы тараткан пресс-релизде үчүтчү «Мекеним Кыргызстан» партиясына караштуу экени жазылган болчу. Кийинчерээк Аширбаев редакцияга кайра байланышка чыгып, учурда акчалардын кайсыл бир партияга тиешеси бар же жок экендиги боюнча тиешелүү тергөө амалдары аткарылууда деп билдирди.

«Мекеним Кыргызстандын» талапкери Элнура Алканова «Азаттыкка» билдиргендей, колго түшкөн шектүү партиянын үгөттөөчүсү эмес. Алканова аталган окуяны «атайылап жасалган чагым» деп атады.

«Биз өзүбүздүн базадан да, жергиликтүү штабдан да ал кишини тапкан жокпуз. “Мекеним Кыргызстандын” агитаторлору эч кандай акча тараткан эмес. Милиция далили жок эле айтып жатат. Видео тасмасы же дагы башка фактысы жок, арыз менен кайрылган адамдын айткан сөзүнө таянып “ушул партия” деп айтып жатышат», — деген Алканова.

Анткен менен Башкы прокуратура үгүт маалында мыйзам бузуу фактыларын жана ага тиешелүү болгон партиялардын атын жазып келет. Мисалы, көзөмөл органдын бул билдирүүсүндө Жалал-Абад облусундагы Аксы районунда ДЭУнун жетекчиси жана райондук администрациянын аппарат башчысы «Мекеним Кыргызстан» партиясы үчүн добуш сатып алып жүргөнү маалымдалган.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо эрежелерин бузган партияларды ачык айтып келет.