«Биримдиктин» талапкери Кочкоров: Бийликти 65 депутат менен биз түптөйбүз

Улукбек Кочкоров

КТРКнын 2-октябрдагы дебатында «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев «Биримдик» партиясын «бийликчил» деп атап, «бийлик булардын колунда туруп эч нерсе чечишкен жок» деп айыптады.

Мындай билдирүүнү Ташиев «Биримдик» партиясынын талапкери Улукбек Кочкоров өкмөттү, анын ичинде облус, шаар, айыл өкмөттөрдү реформа кылуу боюнча сунуштарын айтып бүткөндөн кийин жасады.

«Булар бийликте отурат. Ошолорду чечпестен кооз сүйлөгөндүн пайдасы жок да. Айыл башчысы премьер-министр менен жолугуп маселени чечет дейт. Бул жомок да. Мына мен шайлоодо жүргөндө шаар мэри менен сүйлөштүм. Бир да жолу кабыл алган жок дейт. Бийлик булардын колунда туруп эч нерсе чечишкен»

Кочкоров «Биримдик» бийликке караштуу партия деген айыпты четке кагып, «Кудайым буюрса 4-октябрдан кийин 65 депутатты алып келип бийликти биз түптөйбүз» деп белгиледи.

«Мамлекеттик башкаруу жөнүндө түшүнүгүңүз жок болсо башкаларды күнөбөй эле койсоңуз да. Мына азыр Ош менен Бишкек түзмө-түз премьер-министр менен иштешет», — деди Кочкоров.

Ташиев Кочкоровдун «Биримдик» бийликтиги эмес деген жообун «калп» деп атап, «Эми ушуларга кантип добуш бересиздер. Ушуларга добуш берип туруп, анан мамлекет оңолот деген кандай бул?» деп суроо салды.

Кочкоров «Биримдик» менен шайлоого аттанаардан мурда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматын ээлеп турган. Алтынчы чакырылышта депутат болгондордун эң көбү аталган партия менен кайрадан шайлоого баратат.

«Биримдик» партиясы

«Биримдик» партиясы 2005-жылы пайда болгон. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири учурдагы депутат Айнуру Алтыбаева болгон. Ал «Азаттыкка» курган маегинде 2010-жылы «Биримдик» парламенттик шайлоого катышуу үчүн Феликс Куловдун «Ар-Намыс» партиясынын курамына киргенин айтып берген.

Анткен менен келе жаткан парламенттик шайлоого «Биримдик» саясий партиясы өз алдынча баратат, ал эми анын лидери болуп учурдагы депутат Марат Аманкулов шайланган. Аманкуловдун өзүнүн билдирүүсүнө караганда, аны «Биримдикти» башкаруусун «өтүнүшкөн». Ал 2015-жылы ошол убактагы бийликчил КСДПнын катарында парламенттин депутаты болгон.

«Биримдик» партиясынын катарында учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков бар болгондуктан, партияны президент менен байланыштырышат. Президенттин иниси бул партиянын тизмесинде 27-орундагы баратат.

Асылбек Жээнбеков — парламенттин учурдагы депутаты. Ал Жогорку Кеңешке КСДП менен келген, бирок 2019-жылдын апрель айында партиянын лидери жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «партиялык диктатурага» айыптап, партиянын катарынан чыгып кеткен. Саясатчынын партиядан чыгышы — анын агасы Сооронбай менен Атамбаевдин араздашуусунун уландысы болду.

«Биримдиктин» төрагасы Марат Аманкулов Асылбек Жээнбековдун парламенттеги эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Ал vesti.kg басылмасына курган маегинде анын партиясы бийликтин партиясы эмес деп билдирген. Анткен менен, Аманкулов кошумчалагандай, ал жана партия учурдагы президенттин саясатын колдойт.

«Башкы бириктирүүчү күчүбүз болуп евразиячыл жана демократиялык социализм идеясы саналат. Эгер президент дагы ушундай ойдо болсо, анда бизди президентчил партия деп атасаңар болот», — деген Аманкулов.

Партия 2020-жылы шаардык кеңешке шайлоого катышып, көп сандагы мандат алууга жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу шайлоо өтпөй калган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Жогорку Кеңештин депутаттары беш жылда бир шайланат.