БШКнын жумушчу тобу «Биримдиктин» төрагасын шайлоодон четтетүү боюнча арызды канааттандырган жок

Elgezit басылмасы кабарлагандай, Боршайкомдун жумушчу тобу БШКга «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловду шайлоодон четтетүү боюнча арызды канааттандырбоону сунуштады.

Аманкуловго карата арызды активист Умай Арыкова «бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга чакыруу» нормасы боюнча берген.

Жумушчу топтун чечимине караганда, видео 2020-жылдын февралында тартылгандыктан, ал эми партиялардын үгүт кампаниялары 4-сентябрда башталгандыктан, Арыкованын арызы колдонулбайт.

Буга чейин соцтармактарда «Биримдиктин» башчысы Марат Аманкулов 30 жылдык көз карандысыздыктан кийин Кыргызстанга «ойлонууга жана кайтууга мезгил жетти» деп айткан видеосу тараган.

Аманкуловдун айткандары тартылган видео интернетте 26-сентябрда жарыяланып, коомдо терс резонанс жараткан. Видео жарыялангандан кийин Умай Арыкова жана башка активисттер Аманкуловдун сөздөрүнүн үстүнөн УКМКга жана Башкы прокуратурага даттанышкан. Ал арызга 50дөн ашык адам кол койгон.

Ал эми «Биримдиктен» Аманкуловдун сөздөрү контексттен кесилип алынганын, анын билдирүүсүн шайлоо алдында каралоо үчүн колдонуп жатышканын билдирген.

Бул шайлоодо «Биримдик» биринчи номер менен баратат жана аны «бийликчил» дешет, анткени партиянын талапкерлеринин тизмесинде президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков бар.

ТЕМА БОЮНЧА: