Жалал-Абадда беш киши шектүүнү кармоого тоскоолдук кылып, милиционерлерге кол көтөрүштү

Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБи

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда куралчан тургунду кармоо учурунда бир нече киши милиционерлерге каршылык көрсөтүп, кол көтөрүштү. Натыйжада эки киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Облустук милициядан билдиришкендей, 2-октябрда Сузак районунун РИИБисине «Сапар» атуу киши мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиционерлер «ВАЗ-2121» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун текшерүүгө алаарда, беш киши келип тоскоолдук жасап, аны качырууга аракет кылышкан.

«Бул мезгилде шериктери айдоочуну качыруу аракетин көрүшүп, милиция кызматкерлерине күч колдонушуп, бир кызматкердин кызматтык формасынан тарткылап, жыртып, бир нече жолу денесинин ар жерлерине уруп жиберген. Мындан сырткары жарандык формадагы кызматкерди да тарткылашып, бир нече жолу уруп жиберишкен учурда милиция тарабынан эскертүү иретинде асманга ок чыгарылган», — деп жазылат милициянын пресс-релизинде.

Ошондой эле, унааны айдап качууга аракеттенген 23 жаштагы тургунду текшерүүгө алганда, жанынан бир даана магазини менен калибри 9 мм травматикалык ок атуучу курал, 13 даана ок табылган. Аталган факт «Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен катталып, шектүү Сузак РИИБисинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан сырткары милиционерге кол көтөрүп, формасына зыян келтирген 43 жаштагы тургун уюшкан кылымыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандыгы аныкталды. Ал Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ээнбаштык» беренелери менен катталып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ал эми милиционерлерге кызматтык милдетин аткарууда тоскоолдук көрсөткөн төрт тургун Сузак РИИБисине сурак кылынууга алынып келинген. Бул факт «Бийлик өкүлүн коркутуу жана ага карата зомбулук» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Буга чейин мындан эки күн мурда аталган облустун Базар-Коргон районунда «Баха базаркоргондук» каймана аты менен таанымал болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган. Ал 2010-жылдан тарта «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин уюшкан кылымыштуу тобунун мүчөсү катары катоодо тургандыгы аныкталган. «Алдамчылык» беренеси менен кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тема боюнча:

Жалал-Абад: «Баха» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды