Шайлоо: Жээнбеков суроолорду жоопсуз калтырды, Текебаев паспортун унутуп, Жумабеков кезек күттү

Добуш берүү үчүн кезек күткөн Дастан Жумабеков.

Партия лидерлери жана шайлоого аттанган талапкерлер дагы добуш беришүүдө. Атап айтканда, Жогорку Кеңештин төрагасы, «Кыргызстан» партиясы менен кайрадан шайлоого аттанып жаткан Дастан Жумабеков добуш берүү үчүн кезек күттү. Ал Бишкектеги Жал кичи районундагы №72 мектептеги №1050 шайлоо участкасында добуш берди.

Добуш берүү үчүн келгендердин саны көп болгондуктан урнага бюллетенди салуу үчүн кезек күтүштү.

Ал эми «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев паспортун унутуп калгандыктан дароо добуш бере алган жок. Ал буга чейин 2016-жылы өткөн Конституциялык реформа учурунда дагы паспортун унуткан болчу.

«Шаардыктар добуш берүүгө келгиле»

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Шубин атындагы музыкалык мектептеги шайлоо участогунда добуш берди. Алгач анын дене табын текшеришти, андан кийин ал имаратка добуш берүү үчүн кирди.

«Урматтуу шаардыктар, бүгүн парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бул парламент Кыргызстандын алдыдагы беш жылдык тагдырын аныктайт. Сиздер тандаган парламент өкмөттү түзөт. Андыктан шаардыктарды добуш берүүгө чакырам. Кандай депутаттарды тандасак, ошондой депутаттар парламентке келет», — деди ал.

«Бардык нормалар сакталууда»

Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов дагы добуш берип, шайлоо пандемияда киргизилген нормаларды сактоо менен өтүп жатканын билдирди. «Бир дагы аймакта олуттуу көйгөй жок, бузулуп калган техникалар дагы жокко эсе», — деди ал.

Премьер-министр бүгүнкү шайлоо адилет жана таза өтөт деп билдирди. Ал журналисттердин кайсы партияга добуш бергени боюнча суроосун жоопсуз калтырып, эл үчүн иштөөгө даяр экенин айтты.

«Элге кызмат кыла турган партиялар өтсүн, бардыгы тынч, адилеттүү жана таза болот деп ойлойм. Эң башкысы уткан жана утулган партиялар шайлоонун жыйынтыгын таанышса болду», — деди ал.

Жоопсуз калган суроолор

Президент Сооронбай Жээнбеков дагы добушун берип, шайлоо таза өтүшү үчүн бардык аракеттер көрүлгөнүн айтып ишендерди.

Ал журналисттердин шайлоо учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар таң эрте эле болуп жатканын айтып, суроо салышты.

Бирок мамлекет башчысы аны жоопсуз калтырды.

Саат 10:30га карата алынган маалымат боюнча 230 миңден ашык киши добуш берди. Бул шайлоочулардын дээрлик 7 пайызын түзөт. Эң көп Ош менен Жалал-Абадда добуш беришти. Болжол менен ар бир облуста 49 миңдей киши өз тандоосун жасады. Андан кийин Чүй облусу - 37 миңден ашык киши добуш берди. Бишкекте болсо 33 405 киши добуш берди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жогорку Кеңештеги 120 орун үчүн 16 партия ат салышууда. Парламенттин депутаттары беш жылда бир шайланат.