Видео: Ошто №5314 шайлоо участогунун артында акча таратылды

Ош мамлекеттик университенин курулуш коллежинде жайгашкан №5314 шайлоо участогунда болжол менен кайсы бир партиянын үгүттөөчүсү шайлоочуга акча берген жатканы тартылган тасма тарады.

Шайлоодо акча таратуу.УИК 5314. Ош курулуш колледжи.Эл өзгөрбөптүр. Баягы эле.

Posted by Mirbek Mamatkasym on Saturday, October 3, 2020

Тасмада көрүнүп тургандай, алгач беткапчан аял эркек кишиден акча алып, анын кайсы бир бөлүгүн башка адамдарга тараткан. Учурда бул адамдарды өздүгү жана алардын кайсы бир партияга байланышы бары-жогу белгисиз.

Ош ШИИБнин басма сөз кызматынан бул маалымат тергөө кызматына өткөрүлө турганын кабарлашты.

Ал эми «Реформа» партиясынын талапкери Гүлгакы Мамасалиева тасмадагы кишилердин бири Нурлан Тиленчиев экенин кабарлады. Тиленчиев Ош шаардык кеңешке өтүүчү шайлоого «Бирик» партиясынан аттанган жана «Ош-Тазалыктын» башчысы Нурбек Исмаиловдун жакын адамы экени да айтылууда.

Нурбек Исмаилов буга чейин «Биримдик» партиясынын Ош шаарындагы штабында байкалган. Ошондой эле ал «Биримдиктин» шаардык кеңеште талапкери экенин айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

LIVE: Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жүрүшү