Бишкекте «Клооптун» журналисттерине кол салуу болуп, техникалар сынды

Видеодон алынган скриншот

Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында түз эфирге чыгып жаткан «Клооптун» журналисттерине белгисиз кишилер кол салды.

Алар журналисттин колун толгоп, телефонун тартып алганга аракет кылышты. Ошондой эле, бир журналистти жерге кулата түртүштү.

Агрессивдүү кишилерди өкмөт үйүнүн алдында чогулуп тургандар арачалап алып калышты. Алардын арасында экс-депутат Ширин Айматова дагы болгон.

Кабарчыбыз Алмир Алмамбетовдун айтымында, аларга белгисиз сакалчан адамдар кол салган.

«Кол салуунун кесепетинен техникалар сынды, талкаланды. Камерабызды жулуп, күч колдонуу болду. Кесиптештирибиз дагы жерге кулады. Көчөдө кетип бараткан кишилер бизге жардам берди. Биз журналист экенибизди белгилеген кийимдерди кийп турсак дагы ушундай болду», — деди Алмамбетов.

Кол салуунун кесепетинен түз эфир үзгүлтүккө учурады.

«Клооптун» журналисттерине кол салган учурдун видеосу

Бишкекте өкмөт үйүнүн жанынан сакалчан белгисиз кишилер журналисттерге кол салды. Анын кесепетинен техникалар сынды.

Posted by Kloop кыргызча on Monday, October 5, 2020

Буга чейин «Клооптун» журналисттери парламент имаратынын алдында түз эфирге чыгып, иштеп жаткан учурда белгисиз кишилер тарабынан тоскоолдуктар болгон болчу. Бактыга жараша анда журналисттерге эч кандай зыян келген эмес.

Ушул тапта Бишкектеги парламент имаратынын короосунда жана өкмөт үйүнүн жанында көптөгөн кишилер топтолуп турушат.

6-октябрда түндө шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон митингчилер «Ак үйдү» басып алышкан болчу. Азыр айрым маанилүү мамлекеттик кызматтарды 7 пайыздык босогодон өтпөй калган партиянын өкүлдөрү ээлешти.

Мисалы башкы прокурордун милдити «Бир Бол» партиясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматовго жүктөлдү. Ошондой эле, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматына киришти. Андан сырткары ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Бишкек шаарынын команданттыгына дайындалды.