Өкмөттүн айрым облустардагы өкүлдөрү кызматтан кетүү үчүн арыздарын жазды

Түлөбаев, Мураталиев жана Алымкулов

Өкмөттүн Нарын, Талас жана Ысык-Көл облусундагы өкүлдөрү 6-октябрда кызматтан кетүү үчүн арыз жазышты. Ошондой эле, айрым мамлекеттик кызматкерлер да кызматын тапшырган.

Ысык-Көлдөгү өкүл Балбак Түлөбаев кызматтан кеткенин өзү тастыктады. Ал эми Таластагы өкүл Марат Мураталиев менен биргеликте облустун төрт районунун жетекчилери да кызматтан кетүү үчүн арыздарын жазышкан.

Ошондой эле, Талас ОИИБинин жетекчиси жана төрт РИИБдин жетекчилери кызматтарын тапшырган.

6-октябрда Нарында, Таласта жана Караколдо эл чогулуп, бийликти өткөрүп берүүнү талап кылышкан.

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында укук коргоо органдары менен шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан бир нече миң демонстранттардын ортосунда кагылышуу болду.

Анын натыйжасында 6-октябрь күнү таңкы саат үчтөр чамасында митингчилер «Ак үй» менен УКМКнын имаратына кирип барышты. Андан сырткары Бишкек мэриясынын дагы имараты митингчилер тарабынан алынган.

Баш аламандык учурунда жаракат алган 590 киши ооруканага ар кандай жаракат менен кайрылып, бир киши каза болду. Учурда 13 киши реанимацияда жатат.

Нааразычылык акциялары Нарын шаарында жана Талас шаарында да өткөн.

Митингчилер Ак үйдү жана УКМКнын имаратын басып алышты