Өкмөттүн Баткендеги өкүлү кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды

Алишер Абдрахманов

6-октябрда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдына 200гө жакын киши чогулду. Облустун жетекчиси Алишер Абдрахманов менен «Мекенчил» саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Бактияр Калпаев сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Мындан сырткары жолгушууда башка саясий партиялардын өкүлдөрү да болгондугун «Турмуш» басылмасы маалымады. Ошондой эле жолгушуунун жыйынтыгы менен Абдрахманов кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып, ал эми анын ордуна Баткендин башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп Калпаев дайындалды.

Буга чейин Баткен районунун акими Каланбек Маркаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы белгилүү болгон. Аталган басылма кабарлагандай, Маркаевдин иш бөлмөсүнө «Бир бол» партиясынан депутаттыкка талапкер Саитжан Эратов келип, ага арыз жазуу тууралуу буйрук берген.

Ошондой эле, Эратов Баткен облусунун башчысынын орун басарлары, Лейлек районунун акими жана региондогу ИИМдин башчылары да кызматтан кете тургандыгын айткан.

«Эгер эл менин кетишимди талап кылып жатса, анда бул кызматта отрууга менин акым жок», — деп айткан Маркаев.

Учурда Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдында 100дөгөн киши топтолуп, мэрдин чыгышып талап кылышууда.

Буга чейин Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын жетекчилери да өз каалоосу менен арыз жазып кызматынан кетишкен.