Жээнбековдун жактоочулары журналистке жана башка партиянын тарапкерлерине кол көтөрдү

Ош шаарынын борбордук аянтында Жээнбековду колдоп келген тургундар шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партия тарапташтарын ур-тепкиге алышып, «Азаттыктын» журналисти Дастан Үмөтбай уулуна кол көтөрүштү.

Үмөтбай уулу жарыялаган видеодон топ кишилер партия тарапташы делген кишинин артынан кууп, ур-тепкиге алганын көрүүгө болот. Ошондой эле, белгисиз жарандар журналисттин телефонун тартып алууга аракет кылышкан.

Митингчилер “Реформа” партиясынын талапкерлерин ур-тепкиге алышты. Менин телефонумду тартып алууга аракет кылып, белгисиз жаран мага да кол көтөрдү...

Posted by Dastan Umotbai Uulu on Monday, October 5, 2020

Саат 9:00дан бери аянтка президенттин тарапташтары чогулуп, анын бийлигин «сактап калуу керектигин» айтышууда. Президентти колдоп келен тургундардын саны 100дөн ашты.

Ушул эле аянтта парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митинг өткөрүүнү пландап жатышат. «Реформа» партиясынын өкүлү Мирбек Маматкасымов тургундарды элдик бийлик орнотуу үчүн чогулууга чакырган.

Ош: Жээнбековдун тарапташтары борбордук аянтта чогула башташты

Митингчилер Ак үйдү жана УКМКнын имаратын басып алышты