Жогорку Кеңештин имаратын күч түзүмдөрү кайтарышат

Ак үйдүн дарбазасы

Президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Дарданов жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Талантбек Салиев менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы 12-октябрда билдирди.

«Өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана укук тартибин бекемдөө боюнча чаралар талкууланды», — деп берилет билдирүүдө.

Башкы прокурордун орун басары Дарданов Бишкек шаарында массалык тартипсиздик боюнча кылмыш иштери толук кандуу иликтенип жатканын белгиледи. Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин имаратында 11-октябрда кароо жүргүзүлүп, ал бийлик түзүмдөрүнүн карамагына алынганын билдирди.

Ал эми УКМКнын төрагасынын орун басары Талантбек Салиев «деструктивдүү топтордун» коомдун тынчтыгын бузууга аракет кылган ишине бөгөт коюу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгилеген.

Ак үйдү басып алуу

5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоого нааразы болгондор мөөнөтсүз митингге чыгышкан. Кечке жуук күч органдары митингчилерди таратууга аракет жасаган. Бирок алардын ортосунда кагылышуу болуп, анын кесепетинен 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу каза болду.

Ал эми 6-октябрдын таңкы саат 3 чамасында, митингчилер Ак үй менен УКМКнын имаратын басып алышкан. Айрымдары президент жана депутаттардын иш бөлмөлөрүнө кирип техникаларды жана эмеректерди талкалашкан. Бир нече сааттан кийин Ак үйдүн имаратынан өрт чыккан. Нааразычылык акциялары 10-октябрга чейин уланган.