Бишкекке Путиндин тапшырмасы менен Дмитрий Козак учуп келди

Дмитрий Козак

Кыргызстанга Орусиянын президентинин аппарат башчысы Дмитрий Козак учуп келди. «АкиПресс» басылмасы маалымдагандай, Козак президент Владимир Путиндин табыштамасы менен келген.

Басылма жазгандай, мындан бир күн мурун ал өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан. Ошондой эле, бул жолгушууга премьер-министр болуп бекитилген Садыр Жапаров да катышкандыгы белгилүү болду.

Ал арада президенттин басма сөз кызматы Жээнбеков Путин менен телефон аркылуу бир нече жолу сүйлөшкөнүн кабарлады.

«Буга чейин Орусия тарап Кыргызстанда түзүлгөн саясий кырдаал боюнча тынчсызданып жаткандыгын билдирип, кырдаалды жөнгө салуу үчүн бир нече жолу жардам берүүнү сунуштаган», — деп жазылат маалыматта.

13-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңеш кайрадан кезексиз жыйынга чогулаары кабарланды. Вице-спикер Аида Касымалиева кворум чогулса жыйында Бишкекке өзгөчө кырдаал режимин киргизүү маселеси талкууланат деди.

Беш күндүк саясий кризис

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместердин тынчтык митинги башталган. Саат 11ден тартып митинг тынч өткөн. Кечке маал нааразы тараптын айрымдары Ак үйдүн тосмосун жулкулдатып башташкан. Ошондон кийин гана, курал-жарагы жок, күнү бою көчөлөрдө тартипке көз салган укук коргоо кызматкерлери митингчилерди кубалай башташкан. Акциянын катышуучуларын күч менен таркатуу учурунда 19 жаштагы бала жарадар болуп, көз жумган.

Күч кызматкерлери суу аткычтарды, резина окторду, газ, үн чыгаруучу гранаталарды колдонушкан. Ал эми митингчилер аларды көздөй таш ыргытып, союлдарды колдонушкан. Түн жарымдан кийин күч салмагы ооп, митингчилер парламенттин имаратын басып ала алышкан. Ал убакта эки тарапта тең жарадар алгандар болгон.

Андан соң демонстранттар УКМКга барып, дарбазасын талкалашкан, ал эми атайын кызматтан жаңжалдын кереги жоктугун айтып, жергиликтүү ТИЗОдон мурдагы президент Атамбаевди бошотуп беришкен. Андан кийин Атамбаевдин тарапкерлери анын үзөңгүлөштөрүн, Сапар Исаковду жана мурдагы жансакчыларын бошотушкан. Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев 6-октябрда чыккан сот чечиминин негизинде Алмазбек Атамбаев жана Кой-Таш окуясы боюнча башка соттолгондор 2020-жылдын 11-ноябрына чейин үй камагына чыгарылганын кабарлаган.

Ошол эле учурда Атамбаевге оппозициячыл маанайдагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары аны абактан бошотууга үлгүрүшкөн. Андан кийин алар Жапаровду борбордук аянтка алып келип, премьер-министрлик кызматка дайындоо талабын айтып чыгышкан.

Агрессивдүү эркектерден турган топ 10-октябрга чейин Жапаровдун премьер болушун талап кылып, аянттан кетпей коюшкан. Алар дүкөндөрдү талап-тоноого, журналисттерге кол салууга аракет кылышкан. Ал эми 9-октябрда оппозициянын жана УКТга каршы тынчтык митингинин катышуучуларына кол салышкан. Алардын катарында Алмазбек Атамбаев жана ага тиешеси жок оппозициячыл жаш саясатчылар дагы болгон.

Эки митингдин кагылышуусунда Атамбаевдин автоунаасына белгисиз адам төрт жолу ок чыгарган. Нааразычылык акциясынын натыйжасында депутаттар тобу тарабынан премьер-министрлик кызматка дайындалган Садыр Жапаров, ок атууну Атамбаев өзү уюштурган деп билдирген.

Садыр Жапаровдун премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганы жөнүндөгү токтомго парламенттин вице-спикери Мирлан Бакиров 12-октябрда кол койгон. Бакиров парламенттик шайлоого Матраимовдорго тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер. Эми жогорудагы токтомго президент Сооронбай Жээнбеков кол коюшу керек.