Спикер Канат Исаев президенттин мөөнөтсүз отставкага кетишине каршы

Канат Исаев

Жогорку Кеңештин жаңы шайланган спикери Канат Исаев президент Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтсүз отставкага кетишине каршы экенин билдирди. Исаев учурда президент мамлекетти укуктук талаага алып келмейинче кызматтан кетпей турганы оң деген пикирде.

«Бизде ошол өкмөт башчы [Садыр Жапаров] боюнча бир талаш-тартыш пикирлер бар, туурабы? “Мыйзамдуу шайланды, мыйзамсыз шайланып калды” деп жатышат. Жогорку Кеңештин төрагасынын жана парламенттин мөөнөтү аяктап жатат. Ушул учурда президент өз ыктыяры менен кызматын тапшырып кете турган болсо, анын милдетин ким аткарат? Мөөнөтү бүтүп жаткан парламенттин төрагасы аткарабы? Же күмөн жаратып жаткан өкмөт башчы аткарабы?» — деди Исаев.

Сооронбай Жээнбеков буга чейин 9-октябрда кызматынан ыктыярдуу түрдө кетүүгө даяр экенин билдирген.

«Азыркы кырдаалды тез арада укуктук талаага салып, бардык мамлекеттик органдарды, өкмөттү легалдуу статуска ээ кылып, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын», — деген ал.

Анын эртеси күнү парламенттин бир нече депутаты «Ала Арча» резиденциясында Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекиткен. Анткени менен көптөгөн юристтер жана жыйында катышпаган депутаттар кворум болбогонун айтып, Жапаровдун кызматка дайындалышы легитимсиз экенин билдиришкен. Алардын арасында спикер Канат Исаев да болгон.

«Мен жеке пикиримди айтканмын, кворум болгон эмес. Эми болсо Жогорку Кеңештин төрагасы катары да пикиримди алмаштырбаймын. Бирок мамлекетте компромисс, консенсуска сөзсүз келип биз кыйын кырдаалдан сабырдуулук менен чыгып кетишибиз керек», — деди Канат Исаев.

10-октябрда өткөн Жогорку Кеңештинжыйынында 54 депутат катышып, дагы 10 депутат ишеним кат аркылуу добуш берген.

Ал эми өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков парламенттин Садыр Жапаровду премьер-министр катары бекиткен токтомун кайрадан кайтарды. Мунун себебин президент чечимдер легитимдүү болушу керек деп түшүндүрдү.