Премьер-министр Садыр Жапаров 14-октябрда басма сөз жыйын куруп, учурда парламенттик шайлоо качан болоору белгисиз деп билдирди. Мунун себебин түрдүү варианттар каралып жатканы менен түшүндүрдү.
«Азыр ар кандай варианттар бар. Ушул шайлоонун жыйынтыгын тааныйлы деген да варианттар бар. Кээ бири партиялык десе, кээ бири Конституцияны реформа кылып анан шайлоого баралы дешет. Ошондуктан азырынча белгисиз. Ошого так айта албайм», — деди Жапаров.
Ошол эле учурда шайлоонун жыйынтыгын таануу вариантын ким сунуштаганын Жапаров ачыктаган жок.
Юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева Жапаров Конституцияга каршы билдирүү жасады деп эсептейт. Анын пикиринде, өкмөт башчы шайлоону жылдыруу, президенттик башкарууну алып келүү жана парламенттик шайлоого чейин референдум өткөрүү тууралуу айткандары баш мыйзамга каршы келет.
«Конституция жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, БШК кайрадан парламенттик шайлоону дайындашы керек. 15-октябрдан кийин Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы референдум өткөрүүгө же Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө эч кандай укугу жок болот», — деди Токтогазиева.
15-октябрда Садыр Жапаровдун тарапташтары жана айрым саясий партиялардын мүчөлөрү Бишкекте кайрадан чогулуп, президенттин отставкасын талап кылышкан. Эгерде бул талап аткарылбаса «мамлекеттик резиденцияга бастырып барышаарын» билдиришкен.
Мындан улам Жээнбеков отставкага кеткенин айтып кайрылуу жасады. Ал мындай чечимди «Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан президент катары калгым келбейт» деп негиздеди.
Ошондой эле ал өкмөттү дайындаганына карабастан Бишкекте абал курч бойдон калганын белгилеп, ага «өлкөнүн тынчтыгы жана жарандардын өмүрү кымбат» экенин айтты. Ошондой эле Жапаровду жана башка саясатчыларды тарапташтарын тынч жол менен таратууга чакырды.
Конституция боюнча, президент кызматынан мөөнөтсүз кетсе анын милдетин жаңы өлкө башчы келгенге чейин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Эгерде спикер аткара албаса анда президенттин ыйгарым укуктары премьер-министр же анын милдетин аткарган кишиге өтөт.
Мөөнөтсүз митинг
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке «бийликчил» делген «Биримдик», Матраимовдордун үй-бүлөсүнө караштуу «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары өткөн.
Анын эртеси күнү Жогорку Кеңешке өтпөй калган партиялардын миңдеген тарапташтары Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында митинг өткөрүшүп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан.
Буга шайлоодон уткан партиялардын бир катар мыйзам бузуулары негиз болгон. Демонстранттар көп добуш алган партияларды добуштарды сатып алууга, административдик ресурсту колдонууга жана №2 форма аркылуу шайлоочуларды массалык түрдө башка аймактарга каттаттууга айыпташкан.
Кийинчерээк митинг массалык толкундоолорго айланган, анын натыйжасында митингчилер Ак үй жана УКМКнын имараттары басып алган. Ошондой эле «саясий туткун» делген бир катар мурдагы аткаминерлер бошотулду — алардын арасында Садыр Жапаров да болгон.
6-октябрда Сооронбай Жээнбеков Боршайкомго шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгып, мыйзам бузуулар аныкталса жокко чыгаруу тапшырмасын берген. Ошол эле күнү БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мындай чечимдин расмий себеби Жогорку Кеңешке өтпөй калган партиялардын арызы болгону көрсөтүлгөн.
Ошондой эле БШК аталган партиялардын мыйзам бузууларына укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлигине кайрылган.
Мындан сырткары Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо босогосун жана күрөөсүн төмөндөтүү тууралуу маселени кыска мөөнөттө карап берүү 9-октябрда Жогорку Кеңешке кайрылган. Ошондой эле БШК шайлоо учурунда мыйзам бузууларга жол берген саясий партияларды кайра шайлоого катышуусу «мыйзам аркылуу жөнгө салууну талап кылаарын» белгилеген.
*Бул жерде 7 пайыздык шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүү жана 5 миллион сомдук күрөөнү 1 миллионго төмөндөттүү сунушталууда.
14-октябрда Жогорку Кеңештин «Ала Арча» резиденциясында өткөн жыйынында бир нече депутаттар шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карап чыгууну сунушташкан.
Бирок Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрагасы, депутат Канат Керезбеков бул мыйзам долбоорун карап чыгуу үчүн жыйында «кворум» жок болгонун айткан. Мындан улам ал «Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов менен чырдаша кеткен.
Шайлоонун жыйынтыгы таанылып калышы мүмкүн
«Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» БШКнын шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимине Бишкек шаарынын административдик сотуна даттанган. Бирок сот алардын арызын канааттандыруусуз калтырды.
Кийинчерээк депутат Дастан Бекешев Жогорку сот парламенттик шайлоону өттү деп таанып коюушу мүмкүндүгүн кабарлаган. Мындан сырткары «мыйзамдардын баарына карама-каршы келген бир нече компромистүү варианттар» каралып жатканы айтылган. Алар:
- Шайлоону өттү деп таануу, андан соң мыйзамга артка иштөө күчүн берүү менен шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүү тууралуу өзгөртүүлөрдү кабыл алуу;
- Шайлоону өттү деп таануу, Ал эми «Мекеним Кыргызстанды» депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн четтетүү (БШК же сот аркылуу).
Укук коргоочу Динара Ошурахунова фейсбук баракчасында «Кыргызстан» партиясы БШКнын шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган чечимине Жогорку сотко даттанганын жазган. Бирок Жогорку сот жана Боршайком бул маалыматты төгүндөдү.
Боршайком жаңы парламенттик шайлоону 6-ноябрга чейин дайындашы керек.