Коронавирус бир медиктен аныкталып, 18 медкызматкер илдеттен айыкты

Республикалык штабтан 20-октябрда COVID-19 бир медициналык кызматкерден аныкталганын кабарлашты. Ооруга чалдыккан медик Ош облусунда иштеп келген.

Мындан сырткары өткөн суткада 18 медкызматкер айыкканы белгилүү болду — алардын жетөө ооруканада, 11и үй карантинде дарыланышкан.

Ушуну менен COVID-19га чалдыккан медиктердин саны 3 545ке жетти — анын 3 184 оорудан айыккан. Мындан сырткары Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом.

11-сентябрга карата, Саламаттык сактоо министрлиги иш учурунда коронавирус жуктуруп алган 144 медикке 200 миң сомдон төлөп берген. Ошондой эле илдеттен көз жумган 21 медиктин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон кун төлөнгөн.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 52 910го жетти. Алардын ичинен 46 139 адам илдеттен айыгып, 1 113ү каза тапты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.