Премьер-министр Садыр Жапаров президенттин милдети ага өткөнүн билдирди

Премьер-министр Садыр Жапаров 15-октябрда өкмөт үйүнүн жанында чогулган тарапташтарынын алдына чыгып, ага президенттин милдети өткөнүн кабарлады. Өз кайрылуусунда ал «мына бүгүн сиздер чыныгы жеңишке жеттиңиздер» деп белгилеп, колдоочуларына ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров: президенттин, премьер-министрдин укугу мага өттү

Садыр Жапаров: президенттин, премьер-министрдин укугу мага өттү https://www.azattyk.org/a/30895028.htmlВидео: Reporter KG

Posted by Kyrgyz Azattyk Unalgysy on Thursday, October 15, 2020

«Бардыгы ордуна келди. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өз арызын жазып берип кетти. Спикер Канатбек Исаев “анын милдетин аткаруу мүмкүн эмес экен” деп, өзүнүн арызын жазып берди. Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр деген кызмат мага өттү. Баарыңыздарга, рахмат!» — деди Жапаров тарапташтарына кайрылуусунда.

Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда президенттик кызматынан өз ыктыяры менен кеткенин кабарлаган. Анын себебин «Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан президент катары калгым келбейт» деп негиздеди. Ошондой эле Жапаровго жана башка саясатчыларга кайрылып тарапташтарын таркатууга чакырган.

Жээнбеков бул кызматка 2017-жылдын 15-октябрында шайланып келген болчу.

Конституцияга ылайык, президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, жаңы президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Парламент 13-октябрда Канат Исаевди Жогорку Кеңештин төрагасы кылып шайлаган.

Бирок Исаев президенттин ыйгарым укуктарын аткаруудан баш тартканы кабарланды. Ошол эле учурда спикерлик милдетти аткарууну улантарын айткан.

«Учурдагы коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруучу органынын алдында турган эң маанилүү милдеттерди эске алып, мен өз күч-аракетимди түздөн-түз Жогорку Кеңеште иштөөгө топтоону чечтим. Ушуга байланыштуу, мен өзүм үчүн президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга мүмкүн эмес деп эсептейм», — деди Исаев.

Башкы мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин спикери президенттин милдеттерин аткара албаса, өлкө башчынын ыйгарым укуктары премьер-министр же анын милдетин аткаруучу адамга жүктөлөт. Президент 14-октябрда Садыр Жапаров жана ал сунуштаган өкмөттүн курамын бекиткен.

Сооронбай Жээнбеков отставкасы тууралуу жарыялаган күнү Садыр Жапаровдун миңдеген тарапташтары Бишкектеги «Ысык-Көл» мейманканасында чогулушкан. Алар алгач Жээнбековдун кийин спикер Канат Исаевдин да кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Ошондой эле «Жапаров биздин президент» деген чакырыктар да жаңырган.

Анткен менен Конституцияга ылайык, өлкө башчынын ыйгарым укутарын аткарып жаткан киши «мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоого талапкер болуп катышууга укуксуз».

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары качан токтойт?

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү 15-октябрда аякташы керек болчу.

*Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Алтынчы чакырылыштын депутаттары ыйгарым укуктарын 2015-жылдын 15-октябрында аткарып баштаган.

Бирок Кыргыз Республикасынын конституциясында «Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулат» деген пункт да бар. Бул деген учурдагы депутаттар Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы түптөлгөнгө чейин өз милдеттерин аткара аларын билдирет.

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. БШК 6-ноябрга чейин жаңы шайлоону дайындашы керек.