Жапаров Маммиграция кызматынын төрагалыгына «Мекенчилдеги» партиялашын дайындады

Таштанбек Каймазаров. Сүрөт: Акипресс

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, премьер-министр жана президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы кылып Таштанбек Каймазаровду дайындады. Ал «Мекенчил» партиясынын катарына кирет.

БШКнын маалыматына ылайык, Каймазаров «Мекенчилдин» тизмесинде 42-орунда турат, ал калаадагы «Мадина» базарында администратор болуп иштеген.

«Мекенчил» партиясын Садыр Жапаров үзөңгүлөш досу Камчыбек Ташиев менен бирге негиздеген. Ташиев учурда УКМКнын төрагалык кызматын аркалоодо.

Бул Жапаров жогорку кызматтарга «Мекенчил» партиясындагы талапкерлерди дайындап жаткан алгачкы эле дайындоо эмес.

Жапаров буга чейин алты облустун башчыларын алмаштырган. Алардын ичинен экөөсү — Абсаттар Сыргабаев менен Сабыркул Ашимбаев, УКМКнын жаңы башчысы Камчыбек Ташиевдей эле «Мекенчил» партиясынын курамына кирет.