Коронавирус алты медкызматкерден аныкталып, 20 медик оорудан сакайды

Республикалык штабтан 22-октябрда Ош шаарында, Ош жана Баткен облустарында экиден медкызматкерде коронавирус аныкталганын кабарлады.

Мындан сырткары өткөн суткада 20 медкызматкер айыкканы белгилүү болду — алардын сегизи ооруканада, 12си үй карантинде дарыланышкан.

Ушуну менен COVID-19га чалдыккан медиктердин саны 3 561ге жетти — анын 3 220сы оорудан айыккан. Мындан сырткары Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Аталган компенсацияларды төлөө үчүн Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түзүп, ар бир учурду териштирип чыгат.

20-октябрга карата компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 1 091 медик документ тапшырган. Анын ичинен ооруну жуктурган 147 медикке 200 миң сомдон жана каза болгон 24 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнгөн.

Мындан сырткары оору жуктурган дагы 130 медиктерге жана каза болгон үч кызматкердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөө маселеси каралып жатат.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 54 006га жетти. Алардын ичинен 46 726 адам илдеттен айыгып, 1 122си каза тапты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.