Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров 25-октябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн ыйгарым укуктарынан баш тартарын билдирген. Эки юридикалык уюм президенттин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө байланышкан мыйзам нормаларын анализдеп, Жапаровдун отставкасы үчүн легитимдүү негиз жоктугун аныкташкан. «Клооп» юристтердин анализин кыскача баяндап берет.
Контекст: Баары экс-президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасынан башталган. Митингчилер парламенттик шайлоодон кийинки толкундоолордо мамлекет башчысынын кызматынан кетүүсүн талап кылып башташкан. Жээнбеков 15-октябрда, Садыр Жапаровдун тарапташтары мамлекеттик резиденцияга барабыз деп коркутушкандан кийин «элдин тынччылыгы үчүн» өз эрки менен отставкага кеткен.
Эртеси парламенттин спикери болуп жаңы дайындалган Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан. Ал парламенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап баратканда өлкө башчысынын милдетин аткарып жатканына суроолор жаралышы мүмкүн деп билдирген. Мындай учурда мамлекет башчысынын милдетин премьер-министр аткарат деп жазылган — ал убакта өкмөт башчы Жапаров болгон. Жыйынтыгында Жапаров президенттик менен премьер-министрлик ыйгарым укуктарды бирге аткарып калган.
«Прецедент» өнөктүк тобу
«Прецеденттин» юристтери Исаев президенттин милдетин аткаруудан «эртелеп» баш тартты деп эсептешет. Анткени Исаев спикер болуп шайланган алтынчы чакырылыштын иштөө мөөнөтү аягына чыга элек болчу.
«Мындай жагдай, жетинчи чакырылыш шайланып келип, алгачкы жыйынын өткөргөндөн тартып алтынчы чакырылыштын мөөнөтү, анын ичинде Канат Исаевдин ыйгарым укуктары токтотулганда жаралмак. Ушул жагдайда гана президенттин милдетин аткарууга болбой турган кырдаал жаралмак», — дешет эксперттер.
Ошол эле учурда юристтер Жапаров боюнча дагы анын отставкага кетишине алып келчү ушундай жагдайлар жок экенин билдиришти.
«Садыр Жапаровдун президенттикке талапкерлигин коюу ниетин ушундай жагдай катары караса болбойт, анткени Конституциядагы 68-берененин 2-бөлүгүнө ылайык, ал кезексиз шайлоодо президенттик кызматка талапкер эмес жана өз талапкерлигин коё албайт, баш мыйзам буга тыюу салат», — деп эсептешет юристтер.
Ошол эле Конституция боюнча, Жапаров премьер-министрликтен отставкага кетсе болот. Адатта премьерди отставкага кетирүү чечимин президент кабыл алат. Бул жерде президенттин милдетин Садыр Жапаров өзү аткарууда. Мындай шартта Жапаров менен кошо министрлер кабинети дагы кетүүгө туура келет. Бирок өкмөт мүчөлөрү жаңы курам түзүлгөнчө өз милдеттин аткарууну улантышат.
Бул учурда Жапаров премьер-министрдин жана президенттин милдеттерин аткаруучу болот. Ал ошондой эле өкмөт башчынын милдетин аткаруучунун ыйгарым укуктарын тапшырууга арыз бере алат, аны болсо президенттин милдетин аткаруучу, тагыраагы Жапаров өзү кабыл алышы керек болот.
Мындай жагдайда, жаңы министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин премьер-министрдин, ошондой эле президенттин да милдеттерин биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков аткарып калат.
«Адилет» укуктук клиникасы
«Адилет» укуктук клиникасынын юристтери Исаевдин спикер катары ишин улантып жаткан факттын өзү президенттик ыйгарымдардын Жапаровго өтүп кеткенинин мыйзамдуулугу тууралуу «олуттуу суроолорду» жаратууда деп эсептешет.
«Конституция жана Кыргызстандын мыйзамдарында Жогорку Кеңештин төрагасы президенттин ыйгарымдарынан баш тарта алат деген процедура же түшүнүк жазылган эмес. [...] Азыркы жагдайда укук жактан алып караганда, эң эле туура чечим болуп, Конституцияга ылайык, президенттин ыйгарымдары өтө турган Жогорку Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо эсептелет», — деп жазышат юристтер.
Бирок «Адилеттин» эксперттеринин пикиринде, мындай кадам 2020-жылдын 29-октябрына чейин — парламенттин алтынчы чакырылышынын ыйгарым укуктары токтотулганча ишке ашуусу зарыл.
Ошол эле учурда юристтер «Прецеденттеги» кесиптештери сыяктуу эле, Жапаров министрлер кабинетинин башчысы кызматын тапшыра турган болсо, өкмөт башчынын, президенттин дагы милдетин Артём Новиков аткарат дешет.
«Адилет» фондусунун эксперттери өлкө башчысынын милдетин аткаруучу бийликти жана админресурсту колдонбосун деп ага кезексиз президенттик шайлоого катышууга тыюу салынганын белгилешти.
«Конституциянын логикасына таянсак, бир күн болсо дагы президенттин милдетин аткарган адамдар мөөнөтүнөн мурда өлкө башчысын шайлоого катышууга таптакыр укугу жок деген жыйынтык негиздүү болууда. Эгерде эки ай бою президенттин милдетин аткарган чиновник шайлоого бир нече күн калганда отставкага кете турган болсо, конституцияда көрсөтүлгөн тыюу салуунун мааниси жоголот», — дешет юристтер.