Жогорку Кеңеш Аида Исмаилованын соцөнүгүү министрине талапкерлигин четке какты

Аида Исмаилова

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исмаилованын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрине талапкерлиги каралды. «Ала-Арча» резиденциядагы болгон жыйынга 65 депутат катышканы кабарланууда, дагы тогуз депутат ишеним кат жиберишкен.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исмаилованын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрине талапкерлиги каралды. «Ала-Арча» резиденциядагы болгон жыйынга 65 депутат катышканы кабарланууда, дагы тогуз депутат ишеним кат жиберишкен.

Исмаилованын талапкерлигин жыйындагы 38 депутат колдоду. Калган депутаттар добуш берүүдөн баш тартышты. Спикер Канат Исаев расмий түрдө Исмаилованын талапкерлиги жактырылбаганын билдирди.

Депутаттардын сыны

Буга чейин Исмаилова вице-премьер-министр болуп, 27-октябрда кызматынан бошотулган. Буга чейин Исмаилова парламенттик шайлоого катышуу үчүн милдеттерин убактылуу токтоткон болчу — ал «бийликчил» делген «Биримдик» партиясынын талапкерлер тизмесинде 36чы орунда болгон.

Жыйындагы айрым депутаттар Исмаилова пандемия учурунда шайлоого катышканын сындады. Эл өкүлдөрү Исмаилова буга «моралдык укугу» жок экендигин белгилешти.

Депутат Дастан Бекешев Исмаилова вице-премьер болгондо өкмөт пандемия учурунда «өтө жаман иштегенин» белгилеп, ал кандай иштегенин сурады. Исмаилова ал кызматка «оор убакытта келип, күнү-түнү иштегенин» белгилеп, «эл үчүн жакшы эле иштеп бердим деп айта аламын» деген жоопту узатты.

«Сиз вице-премьерликке бара жатканда “мен шайлоого катышпаймын” деп айткансыз. Бирок август айында сиз шайлоого баргансыз. Сиз азыр министрликке баратасыз, шайлоого катышасызбы?» — деп сурады Бекешев.

Исмаилова министрликке «эл үчүн иштегени келип жатканын» айтты, бирок шайлоо тууралуу так жооп берген жок.

Исмаилованын мурдагы партиялашы, «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Умбеталы Кыдыралиев да анын шайлоого катышуу чечимин сындады.

«Сиз бул кызматка [вице-премьерликке] барганда биздин кесиптештер “Аида Жекшенбековна, сиз шайлоого барбаңыз” деген. Себеби жарым жыл мурун эпидемиянын экинчи толкуну болот деп айтышкан. Сиз сөзүңүздө турбай бизди алдадыңыз. Сизде моралдык укук болгонбу ошондо?» — деди Кыдыралиев.

«Менде моралдык укук болгон, себеби [оорунун саны] азайган. Ошондой эле мен кызматымды токтотконумда менин функцияларым башка вице-премьерлерге бөлүштүрүлгөн», — деп жооп берди Исмаилова.

Буга чейин Эмгек жана соцөнүгүү министрликти Улукбек Кочкоров жетектеп келген. Ал дагы парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясы менен катышкан.