УКМК: Ишкерлерден 100 миң доллар талап кылган УКТ мүчөлөрү кармалды

Сүрөт: УКМК

Ишкерлерди коркутуп, акча опузалап алып жүргөн уюшкан кылымыштуу топтун төрт мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2-ноябрда маалымдады.

УКМК маалымдагандай кармалгандар алар 31-октябрда ишкерден акча опузалап жаткан учурда кармалган.

«Кармалган адамдар курулуш материалдарын сатып алуучулардын атын жамынып алышып, ишкерлер менен жолугушуу уюштурушкан. Күч колдонуп 3 800 доллар өлчөмүндөгү каражат алышкан. Мындан тышкары, 100 миң АКШ долларды ай сайын 20 миң доллардан төлөп турасыңар деп коркутуп тил кат жаздырышкан», — деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Опузалап акча алуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Буга чейин 1-октябрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда «Баха базаркоргондук» каймана аты менен таанымал болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган. Анын кармалышына 60 жаштагы тургундун милицияга «Баха» аттуу киши 110 миң сом акчаны бербей жүргөндүгүнө даттанып, арыз менен кайрылгандыгы себеп болгон.

Аталган факт боюнча «Алдамчылык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, шектүү 2010-жылдан тарта «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо тургандыгы аныкталган.

Ал эми кримтөбөл Камчы Көлбаевди УКМК 22-октябрда Бишкекте кармаган. Көлбаев уюшкан кылмыштуу топтун лидери. Ал УКТны аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында «Авангард» спорт клубунда колго түшкөн. Бул иш бонча материалдар «Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу» беренеси менен катталды. Көлбаев тергөө аяктаганча атайын кызматтын тергөө изоляторуна (ТИЗО) киргизилген.

Анын иши 2-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралмак. Бирок сот отурумуна Көлбаев алып келинбегендиктен ишти кароо башка күнгө жылдырылды.