Мурдагы соцөнүгүү министри Улукбек Кочкоров суракка чакырылды

Улукбек Кочкоров

Бишкектеги карылар үйүнүн мурдагы директору Эркингүл Абдылдаева Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин экс-жетекчиси Улукбек Кочкоровдун үстүнөн Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазды. Бул тууралуу Абдылдаеванын жактоочусу Бактыбек Жумашев «24.kg» басылмасына билдирди.

*Эркингүл Абдылдаева 2019-жылдын аягында Бишкектеги карылар үйүнүн директорлугунан бошотулган. Алгач Абдылдаева өзүнүн кызматкерин «себепсиз ишине чыкпай койгонуна» жана соцмекеменин жашоочуларынын тамак порцияларын азайтып салганына байланыштуу бошоткон. Кийинчерээк бошотулган кызматкер бул чечимге нааразы болуп, Соцөнүгүү министрлигине даттанган. Министрликтин атайын комиссиясы териштирүү жүргүзүп, Абдылдаева карылар үйүндө иштебеген 22 кызматкердин маяналарын алып, 5,6 миллион сомдук зыян келтирген деп аныктаган. Ал эми Улукбек Кочкоров Абдылдаеваны кызматынан бошотуу чечимин кабыл алган. Кийинчерээк Абдылдаева бул чечимди сот аркылуу жокко чыгарган.

Жактоочу Жумашевдин айтымында, Кочкоров «кызматтык абалы менен кыянаттык менен пайдаланып» Абдылдаеваны мыйзамсыз бошоткон.

«[Абдылдаеваны бошотуу боюнча чечим] негизсиз болгонун соттун үч инстанциясынын чечими да далилдейт. Мындан сырткары ал [Кочкоров] өзүнүн аракеттери менен мамлекетке зыян келтирди, себеби Абдылдаеванын буга чейин алынбаган маянасы жана ал кетирген юридикалык чыгымдар мамлекет тарабынан төлөнөт», — деди ал.

Жумашев август айында Кочкоровдун үстүнөн Башкы прокуратурага да арыз менен кайрылган болчу. Жактоочу экс-министр соттун чечимине карабастан Эркингүл Абдылдаеваны Бишкектеги карылар үйүнүн директорлугуна кайтарбай жүргөнүнө нааразы болгон. Ошондой эле Кочкоровго карата «Алдамчылык» беренеси боюнча да иш ачылганы кабарланууда.

*Бул жерде Кочкоровдун үстүнөн Жоруктар жөнүндө кодексинин «Сот өкүмүн, сот чечимин же башка сот актысын аткарбоо» жана Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Алдамчылык» беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылганы ыктымал. Аталган иштер Эркингүл Абдылдаеванын арызынын негизинде ачылган.

Ал эми Улукбек Кочкоров суракка чакырылып жатканы тууралуу маалыматты «Акипресс» басылмасына тастыктады. Экс-министр ал «Алдамчылык» беренеси менен ачылган иш боюнча чакырылганын божомолдоду.

«Мен жакында тергөөчүгө барып кайсы алдамчылык экенин тактайм. Мен аны ачыктайм. Мага бир жолу чакыруу кагазын беришкен, бирок өкмөттүн отуруму болгондуктан мен тергөөчүгө бара алган эмесмин. Азыр болсо мен келгенден баш тартып жатканымды айтып жатышат», — деди Кочкоров.

Ошондой эле Кочкоров буга чейин соттун чечимин аткарып, Абдылдаеваны кызматына кайтарганын айтты. Бирок кийинчерээк Абдылдаева «башка бузуулардын» негизинде кайрадан бошотулган.

«5 млн 600 миң сомдук уурулук аныкталган. Ал [Абдылдаева] иш жүзүндө иштебеген 22 кызматкердин маянасын алып жүргөн. Ал сотко даттанды — сот аны кызматтан бошотуу мыйзамсыз болгонун тапты. Ал кызматына кайра кайткан. Кийинчерээк Каржы министрлиги менен биргеликте анын башка бузууларды аныкталып, ошонун негизинде ал кайрадан кызматынан бошотулган. Учурда ал кайрадан сотко кайрылып, биз мурдагы соттун чечимдерин аткарбай жатканыбызды айтып келүүдө. Бирок ал [экинчи ирет] башка фактылар боюнча кызматынан бошотулган. Мен жетекчи катары карылар үйүнө каралган каражаттардын уурдалышына жол бере албадым», — деп түшүндүрдү Кочкоров.

Ал эми Бишкектин Биринчи май РИИБинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Премьер-министр Садыр Жапаров 27-октябрда Улукбек Кочкоровду «өз арызынын негизинде» кызматынан бошоткон. Анын ордуна мурдагы вице-премьер Аида Исмаилова сунушталган, бирок депутаттар анын талапкерлигин колдогон эмес. Кийинчерээк Кочкоров кызматтан «өз ыктыяры менен кеткени боюнча интернеттен билгенин» айтып чыкты.