Улукбек Кочкоров: Өз ыктыярым менен кызматтан кеткенимди интернеттен билдим

Улукбек Кочкоров

Мурдагы социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров кызматынан өз ыктыяры менен кеткени боюнча интернеттен билгенин айтып, кайрылуу таратты.

Ал президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров аны кызматтан алганын «трагедия эмес» деп баалады. Бирок аны өлкөнүн абалы ойлондурганын белгиледи.

«Өз каалоом менен, өз арызым менен кызматтан кеткендигим тууралуу сиздер сыяктуу мен дагы интернеттен билдим. Бирок бул трагедия эмес, мени өкүндүргөнү, ойлондурганы Кыргызстандын бүгүнкү абалы. Тилекке каршы Кыргызстан бүгүн чоң коркунучта. Саясатта болобу, экономикада болобу, калктын жашоо деңгээлинде болобу Кыргызстан чоң туңгуюкка келди десем болот», — деди ал.

Кочкоров акыркы 30 жылдагы туура эмес экономикалык саясат, анын ичинде ички товар өндүрүүчүлөрдү жокко чыгарып, Кыргызстандын ички рыногунун 80 пайызы чет өлкөлүк товар өндүрүүлөрдүн ээлөөсүнө шарт түзүлгөнүн айтты. Мунун айынан миллиондон ашык киши чет жакта эмгек миграциясында жүрөт.

Ал ошондой, расмий маалыматтар боюнча кыргызстаныктардын 20 пайызы жакырчылыкта жашарын, бирок Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча калктын 80 пайызынын күнүмдүк тапкан кирешеси жашоо минимумга жетпейт турганын билдирди. 2019-жылдын жыйынтыгы менен бир адамга бир айда керектеле турчу сумма 4806 сом деп белгелинген.

Кочкоров кызматтан алынгандан кийин анын ордуна социалдык маселелер боюнча мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова сунушталган. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары анын талапкерлигин аталган кызматка жактырышкан эмес.

Улукбек Кочкоровдун 27-октябрда кызматтан кеткени кабарланган болчу. Ал бул кызматка 2018-жылы октябрда дайындалган. Кочкоров 4-октябрда болгон парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясы менен катышкандыктан кызматынан убактылуу кеткен. Кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин ордуна кайтып келген.