УКМК: Ошто УКТнын 23 мүчөсүнүн жашаган жерине тинтүү жүргүзүлдү

Сүрөт: УКМК

Ош шаарында жана Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иштерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын алкагында, кылмыштуу топтун 23 мүчөсүнүн жашаган жерине тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 3-ноябрда маалымады.

«Тинтүүнүн жыйынтыгында АК-47 үлгүсүндөгү 2 мылтык, 2 травматикалык тапанча, 32 мм калибрдеги белгисиз мылтык, 12 мм калибрдеги "ТОЗ-34" маркасындагы 2 көзөнөктүү мылтык, оптикалык мээлегичи бар мылтык, белгисиз маркадагы колго жасалган мылтык (кесилген), ТОЗ-16 маркасындагы мылтык, 15 бычак, 2 жезден жасалган кастет жана көп сандагы патрон табылып алынды», — деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы.

Мындан сырткары, УКМКнын билдирүүсүндө бул кадамдар криминалдык элементтердин облустардагы коомдук-саясий кырдаалга таасир тийгизүүсүнүн алдын алуу үчүн жасалгандыгы кабарланган.

Президенттин милдетин аткаруучу жана примьер-министр Садыр Жапаров үч күндүк иш сапары менен түштүк жергесине келгендиги белгилүү. Буга чейин ал 2-ноябрда Баткен облусун кыдырып, инфраструктуралык объектилердин курулушун көрүп, облус эли менен жолуккан. Ал эми 3-ноябрда Жапаровдун Ош шаарынын борбордук стадионунда эл менен жолугушту. Жолугушууга мамлекеттик кызматкерлер, активисттер жана жөнөкөй жарандар келишти — алардын саны миңге жакын болгон.