ССМ COVID-19дун жайылышы менен өлкөдөгү саясий окуялардын ортосундагы байланышты моюндады

Республикада COVID-19 жуктуруу менен ооруканадан тышкаркы пневмония сентябрь айынын этегинде өсө баштаган. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруунун өсө баштаганына акыркы саясий окуялар, парламентке шайлоо жана андан кийин болгон окуялар себеп деп эсептейт.

Бул тууралуу басма сөз жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди. Анын айтымында акыркы 2 апта ичинде COVID-19 жуктургандардын саны 1,4 % жогорулаган, анткени өлкөдөгү митинг жана үгүт иштеринде сантитардык эрежелер сакталган эмес.

«Үгүт иштери жүрдү, стадиондордо 2 миң кишиден чогултууга болбойт деп кыйкырып жаттык, партиялардын штабын айыпка жыгып аттык, бирок бүгүн мунун баары эмне менен аяктаганын көрүп жатабыз», — деп белгиледи саламаттык сактоо министринин орун басары.

Октябрь айынын башында министрликтин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев өлкөнүн түштүгүндөгү коронавирустун күч алуусу саясий окуяларга байланыштуу экенин билдирген эле. Бирок ага чейин бир ай мурда, үгүт компаниясы аягына чыгып калган учурда министрлик бул байланышты четке каккан болчу.

Адистер коронавирустун жайылышын мамлекет тарабынан тыйуу салынганына карабай эч кандай санитардык, коргонуу чараларын сактабастан массалык түрдө өткөрүлүп жаткан той-аштар менен байланыштырууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери 60 миңден ашуун кыргызстандын коронавирус жуктурган, акыркы сутка ичинде эле дээрлик 500 учур аныкталды.