Ош шаардык ооруканасынын дарыгери эки тараптуу пневмониядан каза болду

Мамбетов

Ош шаардык ооруканасынын терапия бөлүмүнүн башчысы Тилек Мамбетов эки тараптуу пневмониядан каза болду. Ал 66 жашта эле.

Кесиптештеринин айтымында, ал 31-октябрь күнү каза болгон.

Мамбетов Кыргыз мамлекеттик мединститутун аяктаган. Ал эмгек сиңирген дарыгер, Саламаттык сактоонун отличниги жана «Ардактуу дарыгер» медалынын ээси. 28 жашынан 65 жашка чейин Куруучулар ооруканасында башкы дарыгер болуп эмгектенген.

Бир жылдан бери шаардык ооруканада эмгектенип жаткан. Анын артында эки уул, бир кызы калды.

Буга чейин да аталган шаарда 3-ноябрда №8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы Мыскал Кадырбекова эки тараптуу пневмониядан каза болгон. Ал да 66 жашта болчу.

Өкмөт коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң сом кун төлөйт. Каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Аталган компенсацияларды төлөө үчүн Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түзүп, ар бир учурду териштирип чыгат.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 26-октябрга карата компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 2 миңге чукул медик документ тапшырганын кабарлаган. Анын ичинен ооруну жуктурган 377 медикке 200 миң сомдон жана каза болгон 27 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнгөн.

Мындан сырткары, сентябрь айында «кызыл зонада» иштеген 5 241 медициналык кызматкерге жалпысынан 71 млн 671 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнгөн.