Экс-бажычы Эмилбек Кимсановдун иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү

Экс-бажычы Эмилбек Кимсанов

Мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановго карата козголгон жазык ишин токтотуу тууралуу токтом жокко чыгарылып, кайра тергөө үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү. Бул тууралуу маалыматты 6-ноябрда «Азаттык» басылмасына Башкы прокуратурадан тастыкташкан.

Кимсанов абактан 14-октябрда чыгарылган. Экс-бажычынын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева жабырлануучу Автандил Конгантиев айыптоодон баш тартканына жана Кимсановдун күнөөсү далилденбегенине байланыштуу кылмыш иши кыскартылганын билдирген.

Кимсанов бажы кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын мурдагы кызматкери. Ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакын кишилеринин бири болгон.

Ал өзүнүн кесиптеши Автандил Конгантиевди — ИИМдин экс-башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулун — 2018-жылдын декабрь айында сабоого шектелип, Санкт-Петербург шаарынан алынып келинген. Кимсанов өзү иш буга чейин жабылганын жана күнөөсү жоктугун айткан.

2020-жылдын февраль айынан тарта, Кимсанов жана анын жакындары Матраимовдордун кланы тарабынан коркутуулар жана кысымдар болуп жатканын билдирип, президенттин атына бир нече видеокайрылууларды жасашкан.

Кимсанов акыркы жарыялаган видеосунда Райымбек Матраимов иликтөөчү журналист Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген буйруктарды бергенин айтып чыккан. Токтакунов — бажыдагы аткезчилик тууралуу журналисттик иликтөөнүн авторлорунун бири жана бул иликтөөдө Райымбек Матраимовдун аты аталат.

Ошондой эле, Кимсановдун абакта кызматкерлер тарабынан сабалганы айтылып, сүрөт жана видеолор да соцтармактарга жарыяланган. Бирок ЖАМКтан Кимсанов керебеттен кулап түшкөн деген версияны айтышкан. Кийинчерээк Башкы прокуратура бул ишти иликтеп жатканы маалымдалган. Бирок ЖАМК кийин ишти өзү иликтеп жатканын билдирген. Мындан улам депутат Дастан Бекешев «өзүңөрдү-өзүңөр иликтеп жатасыңарбы?» деп мекемени сынга алган.