«Өзүңөрдү өзүңөр иликтеп жатасыңарбы?». ЖАМК Кимсановдун абакта сабалышы тууралуу ишти өзү иликтеп жатат

25-июндагы парламенттик отурумда депутат Дастан Бекешев мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун абакта сабалышы боюнча тергөөнүн жүрүшүнө кызыкты. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын орун басары Айваз Кадыров депутатка тергөө уланып жатканын билдирди.

* Эмилбек Кимсанов — мурда бажыда иштеп кеткен чоң аткаминер. Журналисттер аны бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун курчоосунун катарына кошот. 2020-жылдын февраль айынан тарта, Кимсанов жана анын жакындары Матраимовдордун кланы тарабынан коркутуулар жана кысымдар болуп жаткандыгын билдиришип, президенттин атына видеокайрылууларды жарыялап келишкен. Кимсанов акыркы видеосунда Райымбек Матраимов иликтөөчү журналист Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген буйруктарды бергенин билдирген. Токтакунов — бажыдагы аткезчилик тууралуу журналисттик иликтөөнүн авторлорунун бири жана бул иликтөөдө Райымбек Матраимовдун аты аталат.

«Бул кээде эле болгон окуя эмес. Бул камеранын объективине түшкөнү үчүн ачыкталды. Негизинен — бул системалык көрүнүш, бирок силер мойнуңарга албай жатасыңар. Силердин ички иликтөөңөр кандай жыйынтык көрсөттү?», — деп сурады Бекешев.

Эл өкүлүнүн бул суроосуна Кадыров тергөө жүрүп жатат деп жооп берди.

«Азыркы убакытка чейинби? Ал жакта эмнени иликтеп жатасыңар, камералар бар, медициналык экспертизалар бар. Дагы кандай тергөө жүргүзүш керек?», — деп кайрадан суроо узатты Бекешев.

ЖАМКтын башчысынын орун басары Жазык-процесстик кодексине таянып, бардык жагдайларды далидеп чыгыш керектигин айтты. Ошондой эле ал Кимсановдун сабалышы тууралуу ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети эмес, ЖАМК өзү тергеп жатканын белгиледи.

Буга чейин Башкы прокуратура мурунку бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун ТИЗО-1де сабалышы «Бийлигинен аша чабуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынганын билдирген. Ошондой эле тергөө иши УКМКга өткөрүлүп берилгенин маалымдашкан.

«УКМК башка факт боюнча тергөө жүргүзүп жатат, башка фактты аныктап КЖБРга каттаган. УКМКнын тергөө башкармалыгы ошол факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат. Бул башка мекеме жана башка кызматкерлер менен байланыштуу [...] Кимсанов боюнча [УКМК] иликтебейт», — деп тактоо киргизди Кадыров.

«Анда сиз жүргүзгөн иликтөө канчалык туура өтүп жатат? Мен мындай суроону бергенимдин себеби ЖАМК бардык ТИЗОлорду көзөмөлдөйт, өзүңөрдү өзүңөр иликтеп жатасыңарбы?», — деп сурады депутат.

Кадыров дагы ЖПКга шилтеме берип, «жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин аймагында жасалган кылмыштарды ЖАМКтын тергөөчүлөрү иликтей турганын» билдирди.

Жазык-аткаруу системасынын органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин аймагында кармалган шектүүлөр, айыпкерлер жана соттолгондор тарабынан жасалган бардык жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт.

*Кадыров Жазык-процессуалдык кодексинин «Тергөөнүн караштуулугу» (153-берененин 3 пункту) беренесине шилтеме бергени ыктымал — ал жерде жазык аткаруу системасынын органдарынын тергөөчүлөрү мекемеде жасалган кылмыштарды тергейт деп айтылган. Бирок бул беренеде ЖАМКтын тергөөчүлөрү шектүүлөр, айыпкерлер же соттолгондор жасаган кылмыштарды эле тергей алат деп жазылган. Ал эми Кимсанов аны ал менен бирге отурган камалуучулар эмес, ТИЗО-1дин кызматкерлери сабаган деп билдирген. Мыйзамга ылайык «Бийлигинен аша чабуу» беренеси боюнча иштерди УКМК же Финансы полиция гана сотко чейинки өндүрүшкө алса болот.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан ЖАМКтын маалыматын төгүндөп, Эмилбек Кимсановдун сабалышы боюнча материалдар УКМКга жөнөтүлгөнүн айтышты.

«Башында интернетте [видео] пайда болуп, кийинчерээк Кимсановдон арыз түштү. Текшерүүнүн натыйжасында бул факт КЖБРда катталып, алгач иш Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. ЖПКнын нормаларына ылайык, биз бул ишти тергөө үчүн УКМКга жөнөттүк. Учурда ал УКМКнын өндүрүшүндө», — деди Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова.

УКМК Кимсановдун сабалышы боюнча иш тууралуу расмий билдирүү тарата элек. Материал жарык көрөөр алдында мекеменин басма сөз катчысы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Кимсановго байланыштуу иш жана анын сабалышы

Мурунку бажы кызматкери Эмилбек Кимсанов өзүнүн кесиптеши Автандил Конгантиевди — ИИМдин экс-башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулуну — сабоого шектелип, Санкт-Петербург шаарынан алынып келинген. Бирок Кимсанов кылмыш иши эки жыл мурун жабылганын айтып келет.

2020-жылдын февраль айынан тарта Кимсанов жана анын жакындары президентке бир нече видеокайрылуу узаткан. Ал кайрылууларда Кимсановдун бир туугандары Матраимовдордун үй-бүлөсү тарабынан коркутуу жана кысымдар жасалып жатканын билдиришкен.

Кимсанов акыркы видеосунда бажынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов иликтөөчү журналист Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген буйруктарды бергенин айтып чыккан.

Ал эми депутат Искендер Матраимов — Райымбек Матраимовдун агасы — алардын үй-бүлөсүнө каршы криминалды колдонуу аракети болуп жатканын билдирип, жогорудагы кайрылууларды каралоо катары баалаган.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кимсановдун жубайы Мария Заворотняя анын денеси көк-ала болгон сүрөтүн жарыялаган. Кимсановдун жубайы жана анын адвокаты экс-бажычы ТИЗО-1де сабалганын айткан.

ЖАМК бул маалыматты четке кагып, бул сүрөт эски болушу мүмкүн деп кутулган. Ал эми кийинчерээк интернетке Кимсанов сабалганы тартылган видео тараганда мекемеден ал тасма «фейк» болушу мүмкүн деп божомолдошкон.

Ал эми Кимсанов Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрүнө аны 4-апрелде ТИЗО-1дин кызматкерлери сабаганын айткан. Атайын прокуратурадан кабарлашкандай, бул билдирүүдөн кийин ЖАМК Кимсанов керебеттин экинчи кабатынан «кокустан кулап түшүп» жаракат алган деп ишендирген.

Кимсанов эки жума мурун ТИЗО-50гө которулган — ал жерде уюшкан кылмыштуу топтуп башчылары жана мүчөлөрү, өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер кармалат. Экс-бажчынын бул абакка которулганын Башкы прокуратура анын ТИЗО-1де телефон пайдаланганы менен негиздеген.