Жалал-Абадда 21 жаштагы тургун маңзат менен кармалды

Жалал-Абад шаарында 21 жаштагы тургун 4 кгдай маңзат менен кармалды. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаевдин айтымында, Криминалдык милиция кызматына белгисиз жаран маңзат алып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Маалыматтын негизинде ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 4-ноябрда саат 14:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде Базар-Коргон районунун 1999-жылы туулган тургуну текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда ал көтөрүп жүргөн асынма сумкасынан 3 кг 860 грамм гашишке окшош, өзгөчө жыты бар зат алынган», — деп билдирди Жээнтаев.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен катталып, тергөө амалдары жүрүүдө. Ал эми кармалган шектүү Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен бир килограммдан ашык героин табышкан. Маалыматка ылайык, анын баасы 1 млн 139 миң сом, болжол менен 12 миңдей дозаны түзмөк. Шектелип кармалган тургунга «Баңгизат каражаттарын колдонууга көндүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.