Мадумаров: Бардык өлкөлөргө шылдың болуп аткан мамлекетке айланып жатабыз

Адахан Мадумаров. Сүрөт: "Азаттык"

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 7-ноябрда Москвада шаарындагы кыргызстандык мигранттар менен жолукту. Анда саясатчы ыйгарым укуктарын узартып алган Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын чечимдерин тааныбай турганын билдирди.

Ошондой эле 5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтына мөөнөтсүз митингге чыккандардын талабы «Ак үйдү басып алуу эмес таза шайлоо» болгон деп эскертти.

«Ала-Тоо аянтына чыккандар шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу талабы менен чыгышкан. Бийликти же болбосо Ак үйдү өрттөп же ээлеп алалы деп чыккан эмеспиз. Биз өлкөбүздүн "доско күлкү, душманга таба" болуусун каалабайбыз. Массалык маалымат каражаттарын карасаңыздар бардык өлкөлөргө шылдың болуп аткан мамлекетке айланып жатабыз. Биз ушундай жолго барбашыбыз керек эле», — деп нааразы болду Мадумаров.

Ал ошондой эле 10-январга дайындалган мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо таза өтөөрүнөн шек санап жатканын айтты.

«Кызмат которуулар, дайындоолор, кишилерди кызматтарга дайындоолор, мына ушундай сыяктуу аракеттердин жүрүп жатканынын натыйжасында шайлоо толук түрдө таза өтөт дегенден алысмын», — деди саясатчы.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 30-октябрда басма сөз жыйын өткөрүп, президенттик шайлоого катыша турганын билдирген. Мадумаров президенттик шайлоого талапкерлигин партия эмес, өзүн-өзү көрсөтө турганын айткан.

Борбордук шайлоо комиссиясы президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2021-жылдын 10-январына дайындаган. Учурдагы президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров өлкө башчысы тандалып алынгандан кийин конституциялык реформа жүргүзүлө турганын айткан. Жапаров да президенттик шайлоого катышат. Ошондой эле ал шайлоо таза өтөт деп убадалаган.

Ал эми БШК президенттик шайлоону өткөрүүгө 549,1 млн сом талап кылынаарын билдирген.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өзүнүн отставкасы тууралуу жарыялаган. Буга парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийинки өлкөдөгү саясий кризис себеп болгон.

Конституция боюнча жаңы президент шайланганга чейин өлкө башчынын милдеттерин Жогорку Кеңештин төргасы аткарышы керек болчу. Бирок парламенттин спикери Канат Исаев президенттин милдеттеринен баш тартып, аныныйгарым укуктары премьер-министр Садыр Жапаровго өткөрүлгөн.

Адахан Мадумаров буга чейин эки президенттик шайлоого катышкан. Ал 2011-жылдагы шайлоодо Алмазбек Атамбаевге (63,24%) утулуп, 14,77% менен экинчи орунду алган. Кийинки 2017-жылда өткөн президенттик шайлоодо Мадумаров 6,57% менен үчүнчү орунду алган — анда биринчи орунду Атамбаевдин мураскору Сооронбай Жээнбеков (54,22%), экинчи орунду Өмүрбек Бабанов (33,49%) алган.