Видео: Баткендеги жол кырсыгынан 5 адам каза тапты

Дисклеймер: Видеотасмада каза тапкандар бар. Эгерде мындай тасманы көрүүдө өзүңүздү начар сезсеңиз, анда көрбөй коюуга чакырабыз.

8-ноябрда Баткен облусунун Ош — Исфана жолунда «Мерседес-Бенц» жана «ДЭУ Нексия» унаалары сүзүшүп кетип, беш адам каза тапты. Кырсык Рават айылынын аймагында орун алган.

Жол кырсыгына кабылган унаалардын биринде айдоочудан сыткары үч аял болгон, экинчи унаада айдоочу гана болгон. Кырсыктан баары каза тапкан.

Социалдык тармактарга аталган жол кырсыгы боюнча видео тарап, анда автор каза тапкандардын аты-жөнүн тактоого көмөктөшүүнү сураган.

«Жамаат, “ДЭУ Нексиянын” номери 083 экен, ал эми “Мерседестики” 211 экен. Беш адам каза болгон, аты-жөнүн тактоого мүмкүн болбой жатат, тайпаларга таштап, тактоого жардам бериңиздер», — деп кайрылган тасмадагы киши.

«Мерседес-Бенц» унаасы Исфана шаарын көздөй бара жатып, каршы тилкеге чыгып кеткен. Анын кесепетинен үч аял жана эки эркек каза болду. Анын бири «ДЭУ Нексия» унаасынын айдоочусу. Учурда маркумдардын ысымдары такталып жатат. Ошондой эле жол кырсыгана жогорку ылдамдык себеп болгондугун «Азаттык» басылмасы маалымдады.

Буга чейин 4-сентябрда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында «Ауди А6» унаасы «ХОВО» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп кетип, 8 адам каза тапкан.