Экс-депутат Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз тапшырды

Парламенттин мурдагы депутаты жана коомдук ишмер Садык Шер-Нияз 2021-жылдын 10-январында өтө турган кезексиз президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди. Шер-Нияз өлкө башчылыкка ат салышууга ниетин билдирген 17-талапкер болду.

Экс-депутат буга чейин фейсбук барагы аркылуу президенттик шайлого бара турганын айткан.

Ал шайлоодо жеңишке жетүү үчүн көп өлчөмдөгү каражат керектигин, ал эми өзүндө андай акча жок экенин, бирок ал «калыпка салынган админиресурс системасына» каршы күрөшө турганын айткан.

Шер-Нияз парламентаризмди «эркин өлкөнүн негизи» деп эсептегендерди талапкерлигин колдоп берүүгө чакырды.

«Эркиндик, адилеттүүлүк, билим — бул келе жаткан президенттик ат салышууга катышуу урааным. Парламентаризм — бул эркиндиктин негизи. Адилетүүлүк — бул сот системасын түп тамырынан реформалоо, анда райондук судья президенттен, депутаттардан жана башкалардын баарынан бийик турат», — деди Шер-Нияз.

Учурдагы президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстан «парламенттик башкаруу системасына шашылыш өтүп алган» деп эсептейт жана анын ордуна курултайды киргизүүнү сунуш кылган. Ал үчүн колдонуудагы Конституцияга түзөтүү киргизүү керек.

Жапаров 9-ноябрда Нарын облусунун тургундары менен жолугушууда жаңы баш мыйзамдын долбоору 10 күндүн ичинде талкууга чыгарыларын убадалаган. Анда ал курултай киргизүүдөн тышкары, президенттик башкаруу формасына өтүүнү, ошондой эле депутаттарды бир эле убакта мажоритардык жана партиялык системалары боюнча тандоону сунуштаган.

Садык Шер-Нияз — экс-маданият жана маалымат министри. Ал 2010-жылы беш ай маалымат жана маданият министри болуп, ал эми 2011-2015-жылдары Кыргызстандын кинематографиттер союзун жетектеген.

2014-жылы ал өзү башында турган «Айтыш Фильм» киностудиясы менен алай кыргыздарынын жол башчысы Курманжан Датка тууралуу биографилык тасма тарткан.

Ал 2015-жылы «Ата Мекен» фракциясынан депутат болуп шайланып, 2020-жылдын 13-октябрында фракциянын лидери Өмүрбек Текебаевдин пайдасына мандатын тапшырып берген.