Видео: Араванда медайымдардан 100 миң сом опузалаган тургун кармалды

Сүрөт: Ош ОИИБи

Ош облусунун Араван районунун 31 жаштагы тургуну 12-ноябрда медайымдардан акча опузалап алып жатканда кармалды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдагандай, кармалган шектүү Араван райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымдарын коронавирусту аныктоочу туура эмес тастыктаманы кечиктирип бердиңер деп акча талап кылган.

«“Жумуштан айдатып салам” деп коркутуп, “100 миң сом бересиңер” деп опузалаган. Сотко чейинки ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү буга чейин да медайымдарды опузалап 31 000 сом акча алганы аныкталган», — деп билдирет Ош ОИИБи.

Шектүү 20 000 сом алып чыгып баратканда Ош ОИИБдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Акча опузалоо» беренеси менен катталып, алынган акча каражаттарына тийиштүү экспертизалар дайындалды. Мындан сырткары, кармалган шектүүнүн өлкө аймагында тыюу салынган экстремисттик уюмдарга катыштыгы бар-жогу боюнча текшерүү жүрүүдө.

Буга чейин 20-октябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда 100 миң сом же 500 чарчы метр жер тилкесин өткөрүп берүүнү талап кылган 34 жаштагы криминалдык төбөл кармалган.

ИИМдин аймактар аралык башкармалыгы бул фактыны «Опузалоо» беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Шектүү 10 миң сом алып жаткан учурда колго түшкөн.