Коронавирус 20 медиктен аныкталып, тогуз медкызматкер илдеттен айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 16-ноябрда акыркы суткада 20 медиктен коронавирус аныкталгандыгын кабарлашты.

Баткен облусунан — эки, Бишкек шаарынан — жети, Чүй жана Талас облусунан — үчтөн, Жалал-Абад облсунан — төрт медик коронавируска чалдыккан.

Ошондой эле, өткөн суткада тогуз медкызматкер айыкканы белгилүү болду — алардын үчөө ооруканада, алтоо үй карантинде дарыланышкан.

Ушуну менен COVID-19га чалдыккан медиктердин саны 3 735ке жетти — анын 3 499ү оорудан айыккан. Мындан сырткары Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 26-октябрдагы брифингде билдиргендей, компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 2000ге жакын медик документ тапшырган. Ал эми 200 миң сомдон кенемтени 377 медик жана 1 млн сомдон 27 медкызматкердин үй-бүлөсүнө төлөнгөн.

Ошондой эле, Бейшеналиев «Кызыл зонада» иштеген 5241 медикке сентябрь айында 71 млндон ашуун кенемте төлөнгөнү тууралуу айткан.

Өлкөдө коронавирус жуктурган медкызматкерлер ушунча көп болгонуна карабастан алар компенсация алуу абдан кыйынчылык туудуруп атканын айтып арызданушууда — документ топтоодо кыйынчылыктар жана бюррократия бар.

Мындан тышкары, жуктуруу иш үстүндө болгонун далилдөө абдан оор. Эгер медик жумуш үстүндө жуктурганын далилдей албаса, анда ага компенсация чегерилбейт.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 676 983кө жетти. Алардын ичинен 57 760 адам илдеттен айыгып, 1 203ү каза тапты.