Ноокат: Кара-Таш айыл өкмөтүнө 900 миң сомдон ашуун акчага арка коюлат

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн кире беришине баасы 900 миңден ашуун сомду түзгөн арка курулат. Бул үчүн тендер 17-ноябрда мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

Тендер бир этаптуу ыкмада болуп, ага катышууну каалагандар 2-декабрга чейин табыштама жиберсе болоору жазылган.

Маалыматты айыл өкмөт башчысы Батырбек Кааров тастыктады. Ал тендерди өткөрүү «пандемиядан мурда пландалган»п белгилеп, тендер экинчи жолу өткөрүлүп жатканын айтты.

«Менин кызматка келгениме 15 күн болду. Буга чейинки айыл өкмөт өткөргөндө мүчүлүштүктөр болуп, кайра артка кайтарылган экен. Кайрадан смета түзүлүп, жаңыдан өткөрүлүүдө», — деди ал.

Ошондой эле Кааров арка «элдин талабы менен» жана жергиликтүү бийликтин бюджетинен курулаарын кошумчалады.

«Эки жылдан бери арка курулсун деген элдин талабы да бар. “Эшигин көрүп төрүнө өт” деген жакшы сөз бар го. Элдин сунуштары болду», — деди ал.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө бюджет тартыштыгы орун алды. Мындан улам өкмөт Кыргызстандын алдынкы жылдардагы бюджети болжол менен 7 млрд сомго аз болоорун билдирген.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын саны өсүп жатат — 18-ноябрда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 67 894кө жетип, анын 1 212си каза тапты.