Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов Бишкекте дарыланууда (COVID-19 эмес)

Таалайбек Сарыбашов

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ден соолугуна байланыштуу Бишкектеги ооруканалардын бирине жаткырылды. Бул туралуу мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

«COVID-19 эмес, башка оору. Дүйшөмбү күнү Бишкектеги ооруканалардын бирине дарыланууга жатты. Он күндөй дарыланса керек», — деди Абсаттаров.

Учурда калаа башчынын милдеттерин вице-мэр Саибжан Турдуев аткарып жатат.

Республикалык штабтын маалыматына ылайык, өткөн жуманын жыйынтыгы менен коронавирус эң көп Ош шаарында жайылган — түштүк борбордогу 100 миң адамга 102,5 учур туура келет. Жалпысынан Ош шаарында коронавирусту жуктургандардын саны 7 424кө жеткен.