«Үчүнчү». Депутат Эмил Токтошев ИИМге суракка чакырылды

Токтошев

«Ата Мекен» фракциясынан депутат Эмил Токтошев 19-ноябрда ИИМге суракка чакырылды. Бул тууралуу Токтошев фейсбукта кабарлады.

Ал «өкмөттүн туура эмес иштерин сыңдап келгенин», фракция лидери Өмүрбек Текебаев камалганда да «ар жака өтө качпай, бир позицияны карманганын» белгилейт.

«Саясий ишмердигимде коомдогу туура эмес окуяларды, саясий теңсиздикте ар дайым калыс сөзүмдү айтып келем. Ушул кезге чейин сөз эркиндиги бар үчүн коомдогу, саясаттагы бардык туура эмес иштерди айтып келдик! Мына, ушул күн да келди...», — деп жазды ал.

ИИМден Токтошев 5-6-октябрда болуп өткөн массалык башаламандык фактысы боюнча күбө катары чакырылганын билдиришти.

Ушуну менен Токтошев аталган факты боюнча суракка 19-ноябрда чакырылган үчүнчү депутат — ИИМ ушул эле күнү депутаттар Жанар Акаев жана Мирлан Жеенчороевге да чакыруу берген. Бирок Жээнчороевдин ден соолугуна байланыштуу сурактын мөөнөтү жылдырылган.

Токтошев өзү бир күн мурда Конституциянын жаңы долбооруна каршылыгын айтып чыккан болчу — ал мыйзам долбоорунун автору катары көрсөтүлгөнү менен ага кол койбогонун билдирген.

Конституциянын жаңы долбоору коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Ага ылайык, президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип, «Элдик курултай» делген жаңы органды киргизүү сунушталууда. Ошондой эле Баш мыйзамдын долбоорунда «премьер-министр» кызматы «өкмөт башчыга» өзгөртүлгөн, бирок өкмөттү президент жетектейт.

Ошондой эле жаңы долбоордо сөз эркиндиги чектелип калышы мүмкүн болгон жагдайлар да бар. Мындан улам айрым активисттер, юристтер жана жарандык коомдун өкүлдөрү нараазы болуп, каршылык акцияларын уюштурууну демилгелеп жатат.