Мамытканов: Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы таза шайлоону өткөрөбүз

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен бирге шайлоолорду өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектеп жатышканын билдирди.

Анын айтымында, биргеликте иш алып баруу чечими добуш берүү ачык-айкын болушун камсыздоо үчүн кабыл алынган.

«Иштер башталды, бардыгы календарлык план боюнча жүрүүдө. Шайлоонун жыйынтыгына күмөн саноо болбошу керек. Бардыгы өзүбүздөн көз каранды. Биз Кыргызстандын тарыхындагы эң таза, ачык-айкын шайлоону өткөрөбүз», — деди Мамытканов.

Ал парламенттик шайлоо жана референдум өткөрүү үчүн 500 миллион сом сарпталарын белгиледи.

«Бул бюджеттен алынган каражат. Эч кандай башка мамлекет бизге жардам көрсөткөн жок. Шайлоону каржылоодо маселеле болбойт», — деп ишендирди Максат Мамытканов.

Буга чейин Бишкектеги АКШнын элчилиги Кыргызстанда 2021-жылы өтө турган кезексиз президенттик жана кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүүгө финансылык жардам көрсөтөт деп билдирген.

«Бул каражаттар Кыргыз Республикасына кенен колдоо көрсөтөт, анткени алар эрежелерге, шайлоо реформаларына жана көзөмөлгө негизделген, анын ичинде Европадагы Коопсузду жана Кызматташтык Уюумунун (ЕККУнун) акыркы байкоочулар миссиясы сунуш кылган өзгөртүүлөрдү камтыйт», — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Кыргызстан ала турган каражаттын суммасы азырынча белгисиз.

АКШ элчилигинен бул каражаттар, Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) демократиялык стандарттарды жана Кыргызстандын мыйзамдарын туу тутуп, президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүүдө колдоо көрсөтүүгө багытталат деп белгилешти.

2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан соң башталган саясий кризистин шартында өлкө шайлоолорду өткөрүү үчүн жигердүү каражат издей баштаган.

Кезексиз президенттик жана парламенттик кайра шайлоо өткөрүүдөн тышкары, Кыргызстанда конституциялык реформа да жүргүзүлөт. Бул иш-чаралар үчүн өлкөгө жүз миллиондогон каражат керектелет.

Өлкө бийлиги шайлоо өткөрүү үчүн жардам сурап Евробиримдикке жана Швейцарияга кайрылган болчу.

БШКнын аныкталган чыгымдар сметасына ылайык, 10-январда кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү үчүн 549 млн сом сарптоо пландалууда. Ошол эле учурда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоолорду каржылоо үчүн донорлорду тартууга аракет кылаарын билдирген.