«Ташиев деле жүргөндөй болду эле». Момбеков суракка чакырылды

«КСДП» фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков да 19-ноябрда ИИМге суракка чакырылды. Ал суракка «5-6-октябрда болуп өткөн массалык башаламандык фактысы боюнча» күбө катары барат.

Момбеков фейсбук баракчасында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинггинде УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да жүргөнүн белгиледи.

«Ии баса, Ташиев деле жүргөндөй болду эле 5-октябрда Ала Тоо аянтында… Унутуп калам да ушинтип, ал чоң болуп кеткен да, туура», — деп жазды ал.

Ошондой эле ал депутаттарды суракка чакыруу «алфавит менен кетип жаткан болсо кийинки кезек Алтынбек Сулайманов менен Тилек Токтогазиевге да жетиши мүмкүн» экенин айтты.

ИИМ буга чейин депутаттар Жанар Акаев, Мирлан Жээнчороев жана Эмил Токтошевди аталган факты боюнча суракка чакырган.

Момбеков өзү 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен катышкан.

Октябрдагы толкундоолор

5-октябрда Бишкектин борбордук аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккандардын массалык нааразычылыгы башталган. Митингдин катышуучулары шайлоо мыйзамы бузулганын, айрым партиялар добуш сатып алышканын жана админресурс колдонушканын айтып чыгышкан.

Нааразычылыктар митингине чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусуна өтүп, найтыжада өлкөдө бийлик алмашкан.

Митингчилер үн чыгаруучу граната, суу аткыч жана желим октор менен кууп таркатылган. Расмий маалымат боюнча, миңден ашуун адам медициналык жардам алган, алардын ичинен 439 митингчиге биринчи меджардам көрсөтүлгөн.

Ыктыярчылар парламент имаратын жана башка мамлекеттик объектилерди кайтарып, аларды митингчилердин талоончулук менен талкалоосуна жол бербей коргоп калышкан.

Бирок митингчилер экинчи аракеттен соң Ак үйдү басып алып, эмеректерин талкалап, өрт коюшкан. Мындан тышкары, борбор калаанын көчөлөрүндө милициянын бир нече унаасы өрттөлгөн.

Жүздөгөн адам жарадар болуп, 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулу каза тапкан. Андан тышкары, желим октордон алган жарааттарынан улам көзүнөн айрылгандар да бар.

Ички иштер министрлиги бул окуялар боюнча «Массалык башаламандыктар» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштап, анын алкагында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн суракка жеткирүүгө аракет жасашкан.